Каныкейдин Тайторуну чапканы

Википедия дан

"Каныкейдин Тайторуну чапканы"Саякбай Карала уулунун варианты боюнча жарык көргөн китепче (Фр., 1941). Жооптуу редактору Ө. Жакишев. Латын тамгасы менен басылган, 4466 сап ыр. Китептеги "К. Т. ч." эпизодунун сюжети Манастын өлүмүнө байланышкан кайгы сууп, көз жаш кургай электе анын арсыз бир туугандары — Абыке менен Көбөш жаш балалуу Каныкейге, кары чоң эне Чыйырдыга, баатырдын акылман кеңешчиси Бакайга кордук көрсөтө баштаган наадандык иштерин баяндаган салттык окуядан башталып, башка эл-жерде тарбияланганСеметей он экиге келгенде таятасы аны кан көтөргөн тойдо Каныкей Семетейдин келечегин билгени Тайторуну төлгө кылып чаап, Тайтору чыгып келгенге чейинки окуялар камтылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]