«Манастын балалык чагы»

Википедия дан

«Манастын балалык чагы» — «Манас» серияларынан ТМВ боюнча латын ариби менен жарык көргөн үзүндү китепче (Фр., 1940). Басмага Ыбырайым Абдыракманов даярдаган (кара сөз аралаш). Манастын ата-энесинин карыганча балалуу болбой жүргөндөгү муң-зары, Жакып менен аялдарынын көргөн түштөрү, Бакдөөлөттүн түшү, Манастын туулушу, туулгандагы тою, ат коюлушу, Жакып Манасты койчулукка бергени кыскача баяндалат. Манастын биринчи жолу Алтайдагы калмактардын зордугуна каршы чыгышы, Нескара Манасты кармап алам деп барып жеңилип, качышы, уйгур кандарынын жиберген баатырларын Манас жарым жан кылып жибериши, Эсенкан экинчи жолу жиберген Нуукер дөөнүн Манастан өлүшү, Манастын кан болушу жөнүндөгү эпизоддорду камтыйт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4