«Марсельеза»

Википедия дан

«Марсельеза» (фр. La Мarseillaisе) – француздук революциялык ыр; Франциянын мамлекеттик гимни. Сөзүн жана музыкасын 1972-жылы (Страсбургда) К. Ж. Руже де Лиль жазган. Алгач «Марсельеза» «Рейн армиясынын аскердик ыры» болгон. Ыр республиканын аскер бөлүктөрүнө тез тарап, Марселде «Марселдиктер маршы» же «Марсельеза» деген ат менен жайылып, Парижге жеткен. Экинчи империя доорунда ырдоого тыюу салынган. «Марсельеза» Франциядагы Үчүнчү республиканын мамлекеттик гимни катары 1887-жылы расмий бекитилген. Россияда 19-кылымдын 80–90-жылдарында «Марсельезанын» обону менен ырдалган «Жумушчу марсельезасы» деген ыр жумушчу жана интеллигенция арасына тараган. Анын сөзүн А. Л. Лавров жазган (1875-жылы «Вперед» газетасына басылган; № 12). Кыргыз тилине 1975-жылы (А. Ашыров) которулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]