«Ыдук йер-суб»

Википедия дан

«Ыдук йер-суб» - байыркы түрктөр сыйынган негизги үч кудайдын бири.

  • 1) Теңри («Асман», «Көк»);
  • 2) Умай эне;
  • 3) «Ыдук йер-суб» («Ыйык жер-суу») болгон.

Алгач орхон жазуу эстеликтеринде эскерилет. Мис., Култегинге арналган эстеликте «Үза түрк теңриси түрк ыдук йири субы» (кыргызчасы «Үстүдөгү түрк теңри, түрк ыйык жери, суусу») деген жазуулар чегилген. Айрым окумуштуулардын (мис., В. В. Радлов, П. М. Мелиоранский) пикиринде байыркы түрктөр ушул үч кудайды өзүлөрүнө жеңиш алып келет деп ишенишкен.

«Ыдук йер-суб» түшүнүгү байыркы ишенимдердин калдыгы катары кыргыздарда да терең сакталып калган. Курмандык чалып сыйынуу «жер-суу таюу» деп аталып, жаз-күз жаан жаабаган кургакчыл мезгилдерде, кандайдыр бир оору таралганда же башка кырсык болгондо, чөп чабык учурунда, эгин бышарда ж. б. учурларда өткөрүлгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4