АКШ аскеринин атайын багыттагы күчтөрү

Википедия дан
U.S. Army Special Forces
Жалпы маалымат
Өлкө  АКШ
Баш ийүүсү АКШнын Коргоо министрлиги
Киргизилгени АКШ аскер күчтөрү
Түрү Аскердик атайын күчтөрү

АКШ армиясынын атайын багыттагы күчтөрү (англ. U.S. Army Special Forces - Кайсы өлкөнү албайлы, анын ичинде Америка да өзгөчө маанилүү маселелерди чечүү үчүн атайын даярдыктагы бөлүктү, башкача айтканда спецназды колдонушат. Учурда АКШ өзүнүн кызыкчылыктары үчүн кызмат кылган дүйнөдөгү эң мыкты даярдалган коммандостор (десантчы-диверсанттар) отрядына ээ.

АКШнын Темир муштуму[түзөтүү | булагын түзөтүү]

АКШ спецназы негизги 3 курамдан турат

1. Жашыл береттер. Булар антитеррористтик операциялар менен алектенишет жана “Дельта” тобу деген да аталышка ээ. Буларды десанттар менен салыштырса болот. Жашыл береттер 14 согуштук топтон турат.14 топтун ар бири авиациялык колдоо отрядын камтыган 4 ротадан турат. Рота болсо ар биринде 12 адамдан турган 4 отряддан түзүлөт. Негизинен, Жашыл береттер түнкүсүн аракеттенишип, күтүл­бөгөн жерден операцияларды жүргүзү­шөт. Алар кургактыкта, абада да, сууда да бийлик жүргүзүүгө кудуреттүү. Жашыл береттердин карамагында акыркы маркада чыккан вертолёттор болот.

2. Деңиз тюлендери (же мышыктары). Бул АКШнын аскер-деңиз күчтөрүнүн өзгөчө дайындыктагы күчү. Деңиз спецназынын базалык бөлүгү болуп 5 взводдон турган команда эсептелет. Жалпысынан 3 миңден ашуун адамды камтыйт. Деңиз тюлендериндеги жоокерлердин топтору АКШнын кызыкчылыгы үчүн Шотландияда, Португалияда жана Филиппинде да жайгаштырылган. Учурда Деңиз тюлендеринде атайын суу алдында сүзүүчү миниатюралуу кайыктар бар. Булар кораблдердин трюмдарына эле жайгаштырылып, керек учурда алар менен душмандын аймагына кире алышат.

3. Рейнджерлер (кара береттер). “Рейнджер” сөзү англисчеден которгондо «жоокер» дегенди билдирет. Спецназдагы рейнджерлерди диверсиялык-десанттык топтун жоокери деп түшүнсө болот. Ошентип, Жашыл береттер, Деңиз тюлендери жана Рейнджерлер биригип, АКШнын согуштук темир муштумун тү­зөт.

Рейнджерлер деген кимдер?[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Булар Америка армиясы түзүлгөн күндөн баштап жашап келет. Ошол илгери жазылган “Рейнджерлер уставы” азыркыга чейин колдонулууда. Бү­гүн­кү күндө рейнджерлер бир полкко бириккен. Полктун курамында 3 батальон бар. Ар бир батальон 3 согуштук жана бир штабдык ротаны өзүнө камтыйт. Рейнджерлер көбүнчө химиялык жана радиациялык чалгындоо отрядынын жана аскердик-медициналык кызматтын отряддары менен биргеликте согуштук операцияларды жүргүзөт. АКШ жүргүзүп келген бардык согуштар рейнджерлердин катышуусу менен өткөн. Бул элиталык бөлүк атайын тандалып алынган жоокерлер менен толукталып турат. Рейнджерлер отряды чоң эмес штурмалоочу топтор. Булар эң кыйын согуштук кырдаалдарда согушка катышат. Мисалы, Африканын жунглисинен тартып, Афганистандын тоолорунда да Американын армиясынын мындай топтору тылдагы объектилерге кол салуу, курчоого алууну уюштуруу, ошондой эле чалгынга чыгуу жана көзөмөл жүргүз­үүдө колдонулат. Рейнджер болуп чыгуу таң калаарлык жөнөкөй. Жорджия штатынын Форт-Беннинг деген аймагында атайын мектеп бар. Анда катардагы адамды 72 күн ичинде рейнджерге айландырып чыгарышат. Мектепте эң башкысы кандай кырдаал, шарт болбосун, жашап кетүүгө көнүгүү жана ага даяр болуу. Ал үчүн бийиктиктен сууга секирүү, 18-20 килограммдык жүктү көтөрүп 10 чакырымга 90 мүнөттө чуркоо, жалама тик беттүү аскаларга чыгып үйрөнүүкеректелет. Коркуу сезимин жеңүү үчүн студенттер жерден 20 метр бийиктикте жайгашкан ичке темирлердин үс­түнөн басып өтүүлөрү шарт. Мектептеги психологдор, өлкө таанытуучулар болочок рейнджерлерди душмандын тылында согуш аракеттерин кантип жүргүзүүнү, жардыруу иштерин, заманбап байланыш ыкмаларын үйрөтүшөт. Лекцияларды планетанын согуш болгон жерлеринде өзүнүн билимин иш жүзүндө колдонгон инструкторлор өтөт. Көптөгөн студенттер катуу сыноолорго туруштук бере алышпагандыктан, мектептен чыгарылып салынат. Ал эми сыноолорго туруштук бергендери сол билегине “Ranger” деген жазуусу бар таңууну тагынууга акылуу болушат. Жалпысынан алганда АКШнын спецназынын курамы 30 миң адамдан ашат, ал эми резервинде 15 миң адам бар

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]