Ааламбек Абылкасымов
| Жалпы маалымат | ||
| Толук аты-жөнү | Абылкасымов Ааламбек Саламатович | |
| Төрөлгөн датасы | 9 -февраль 2004 Бишкек, Кыргызстан | |
| Өлгөн күнү | 18 -сентябрь 2023[[]] Бишкек, Кыргызстан | |
| Жарандыгы | ||
| Бою | 179 см | |
| Позициясы | Чабуулчу | |
| Карьерасы | ||
| Жаштар клубдары | ||
| 2019 | ||
| 2020 | ||
| Клубдук карьерасы* | ||
| 2020—2021 | 9 (0) | |
| 2021—2022 | 3 (2) | |
| Улуттук курамасы** | ||
| 2019—2020 | 1 (2) | |
* Кесиптик клубдагы голдордун жана оюндардын саны ар кандай улуттук чемпиондуктардын лигаларындагы гана эсептелет, 18.09.2023-жылдагы маалымат боюнча оңдолгон. ** Расмий матчтардагы улуттук курама үчүн оюндардын жана голдордун саны, 18.09.2023-жылдагы | ||
Ааламбек Абылкасымов (2004—2023) — Кыргызстандык футболчу, «Абдыш-Ата» клубунун жана Кыргызстан улуттук U16 курамасынын чабуулчусу.
Өмүр баяны жана карьерасы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Ааламбек Абылкасымов 2004-жылы 9-февралда Бишкек шаарында төрөлгөн.
2022-жылы 18-сентябрда жол кырсыгынан каза болгон[1].
2019-жылы U-16 Азия Кубогунун тандоо оюндарында Ливандын курама командасынын дарбазасына 41-мүнөттө алмаштыруу менен чыгып, 2 гол киргизип, 3:2 эсебинде улуттук курама команданын жеңишин камсыздаган[2][3].
2019—2021-жылдары "Илбирс II" жана "Абдыш-Ата II" жаштар клубунда ойногон. Ал эми чоңдор клубунда, "Илбирстин" курамында 2021-жылдын 16-мартында Премьер-Лигада дебют жасаган. Жалпысынан ал 12 оюн өткөрүп, 2 гол киргизип, 1 пас берген. 2023-жылы "Абдыш-Ата-2" клубунда оюн өткөргөн.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Экс-нападающий юношеской сборной Кыргызстана Ааламбек Абылкасымов погиб в ДТП (орусча). 24.kg. Текшерилген күнү 18 -сентябрь (аяк оона) 2023.
- ↑ Футболисты Киргизии победили ливанцев на отборочном матче чемпионата Азии (орусча). Регнум. Текшерилген күнү 18 -сентябрь (аяк оона) 2023.(жеткиликсиз шилтеме)
- ↑ Отбор ЧА (U-16) в Бишкеке: Ааламбек Абылкасымов лидирует в гонке бомбардиров после первого тура (орусча). Prosport. Текшерилген күнү 18 -сентябрь (аяк оона) 2023.
