Аалы (Адам ата)

Википедия дан

Аалы (Адам ата)кыргыздар көбүнчө Азирет-Аалы деп атайт. Мухаммед пайгамбардын чоң атасы менен бир туугандын баласы.

Мухаммед пайгамбардын күйөө баласы. Фатима деген кызын алган. Төрт чахар йардын бири. Төртүнчү калыйпа. Аалынын калыйпалык кезинде араб башкаруучуларынын ынтымагы кетти. Мухаммед пайгамбардан кийин биринчи калыйпалык Аалы га тийиш болчу деп, экиге бөлүндү. Аалы тарабы «шиа» деп аталды «Өзүнчө топ» деген мааниде. Экинчи тарабы «сүнни» деп аталды. Ал Мухаммеддин айтканын эки кылбагандар. Ошентип, айыгышкан катуу күрөш башталды. Магавиянын уулу - Иезит (Жезит) деген Аалынын уулу Хусаинди Кербаланын чөлүндө (Иракта) үй-бүлөсү менен суусатып өлтүрдү. Аалы тараптагылар аны өтө жогору даражага көтөрдү. Аны олуя, пир катарына кошту. Толгон китептер чыкты. Аалыны жигиттин пири «шахимардан» деп атады. Айрыкча анын уулу Хусаинди катуу даңазалап, имам катарына кошту. Анын өлүмүнө байланыштуу «шахси-вахси» деген уюм пайда болду. Мына ошол Хусаиндин өлгөн күнүнө арнап, ага сыйынган адамдар топтолуп алып, жүрүш жасап, өздөрүн кылычтап, денелеринен кан чыгара турган адат пайда болду. «Шахси-вахси» деген сез - «шах Хусаин, ой Хусаин» деген кыйкырыктан пайда болгон дешет. Аалынын аялы Фатиманы ургаачылар жынысынын пири деп аташат.

Мына ушундан таралгандарды «сеид» деп, аларга чоң урмат көрсөтүү жөрөлгөсү пайда болду. Кыргыз эли да Аалыны «шайимерден» («Шахимардан») деп, баатырлардын сыйынган адамына, колдоочусуна да айландырды. Кыргыздын эпостук чыгармаларында каармандардын бардыгы Аалыга гана сыйына турган адат туулду. «Шаймерден колдогон» деген сөздөр кыскарып, «шай колдогон» болуп калды.

  • Манастын уулу эр Семен,
  • Шай колдогон эр немең. (Семетей)
  • Искендер изин салбаган.
  • Азирет Аалы барбаган
  • Касиеттүү чоң Бээжин. (Манас)
  • Йа-а, жигит пири шаймерден, өзүң колдоо!
  • Ур - деп, өзү баштап алдыга чаап, кылыч булгалап, чабуулга өттү

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8