Ааре

Википедия дан
Ааре дарыясы

Ааре , же Аре ( нем. Aare, фр. Aar ) — Швейцариядагы дарыя, Рейндин сол куймасы. Узундугу 295 км, алабынын аянты болжол менен 17,8 миң км² . Суунун орточо чыгымы болжол менен 560 м³/сек. Ааранын мурда колдонулган транскрипциясы азыр эскирген деп эсептелет.

Берн Альп тоолорундагы Гримсель ашуусунан батыштагы Аре мөңгүсүнөн башталат. Аренин жогорку агымында -типтүү тоо дарыясы; Гасли өрөөнүндө бийиктиги 46 м болгон Гандек шаркыратмасын түзөт, Бриенц жана Тун көлдөрү аркылуу агып, андан кийин Тун аркылуу өтөт. ал эми ылдый жагында борбор шаар Берн шаары турган бийик аскаларды жууп, курч ийилген жерди түзөт.Агымдын ылдый жагында бийик асканы жууп өтчү ,курч ийилмек пайда болот.Ушул жерде Швецариянын борбору болгон Берн шаары жайгашкан .Андан кийин Швейцария платосунан агат . Рейнге кошулган жерде Кобленц шаары жайгашкан.

Тун көлүнө чейин кеме жүрөт. ГЭСтер курулган.

Дарыядагы шаарлар: Берн, Аарау, Солотурн, Бил, Олтен .