Аары чарбасы

Википедия дан
Бал челек.

Аары чарбасы - чарба тармагы. Багыты: бал, аары мому, прополис, уусун, аары сүтүн алуу, өсүмдүктү чаңдаштыруу, эне аары, аары уюгун көбөйтүү.

Кыргызстанда бал аарысынын жардамы менен эгилме жана жапайы өсүмдүктүн 200дөй түрүнөн (негизинен, эспарцет, беде, акация, тал, кара жыгач, өрүк, кара өрүк, алма, алмурут, күн карама, пахта, четин ж.б) бал ширеси чогултулат.

Кыргызстандын шартында ар уюктан сезондо 30-50 кг бал, 1 кг мом жана жаш уюк бөлүп алынат. Ал эми ар бир уюк кыш бою азык үчүн 20-25 кг бал керектейт. Чүй өрөөнү менен Ош областында жазда бал челектер бак ичине жайгаштырылып, кийин эспарцет жана пахта талааларына жа-кын өрөөнгө же жайытка коюлат. Кыргызстанда 73312 бал челек бар (2005-ж.).

Ош, Талас жана Ысык-Көл областтарында да бал аары чарбасы жакшы өнүккөн. Кыргызстан боюнча 73 миң бал челектен орто эсеп менен 40 кг бал алынса бир жылкы көлөмү 2920 т барабар болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9