Бал аары
Бал аары - (лат. Apis mellifera, L. 1758), бакма аарыжаргак канаттуулар түркүмүнө кирүүчү аарынын уюк-уюк болуп жашоочу түрү. Дүйнө жүзүндө түштүк кеңдиктен түндүккө чейин кеңири тараган. Аары уруусуна Бал аарынын 3 түрү (ири, кидик жана индия) кирет. Алар Түштук Индия, Шри-Ланка жана Түштук Азия аборигендери болуп эсептелет. Аары бакма түрүндө Индияда, Кытайда, Японияда, Ыраакы Чыгышта асырала баштаган. Алар эне аары (ургаачысы), эркеги «жатып ичер» жана жумушчу (өрчүп жетилбеген ургаачы) болуп бөлүнөт. Ар уюкта бирден эне аары, эркеги (200гө чейин) жана 40-60 миң (кышында10-15 миң) жумушчулары болот. Эне аарынын денеси 20-25 мм, жыныс органы жакшы өөрчүгөн. Ал тукумдоо кызматын гана аткарат. Эне аары 5 жылдай жашайт, 3 жаштан кийин жумуртка таштоосу азаят, ошондуктан балчелекчи уюкту (балчелекти) жаш эне аары менен толуктап турат. Бал жыйноо, уюкту таза сактоо, тоюттандырууну жумушчусу аткарат. Бал аары түрдүү гүл ширесин чогултуп, аны жемсөөсүндө балга айландырат да, уюктагы мом чөнөктөргө жыйнайт. Аары Кыргызстанда эгилме жана жапайы өсүмдүктүн 200дөй түрүнөн (негизинен эспарцет, беде, акация, тал, каражыгач, өрүк, караөрүк, алма, алмурут, күнкарама, пахта, четин ж. б.) бал ширесин чогултат. Кыргызстандын шартында ар уюктан сезондо 30-50 кг бал, 1 кг мом жана жаш уюк бөлүп алынат. Ал эми ар бир уюк кыш бою азык үчүн 20-25 кг бал керектейт. Чүй өрөөнү менен Ош областында жазда балчелектер бак ичине жайгаштырылып, кийин эспарцет жана пахта талааларына жакын өрөөнгө же жайытка коюлат. Кыргызстанда 73312 балчелек бар (2005). Республиканын шартында тоочул кавказ аарысын көбөйтүү ылайыктуу. Аарынын илдеттери: нозематоз, аспертллез ж. б. Бал аарыдан балдан тышкары мом, прополис, аары уусу, аары сүтү алынат. Ош, Талас жана Ысыккөл облусунда Бал аарычылыгы жакшы өнүккөн.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4