Абайы

Википедия дан

Абайы - кооздоп саймаланган, жибек тыштуу ат жабуу. Жибектен тигилип, чети асемделип, кыргагына чачы тагылып, баркыт же манат менен көбөөлөнгөн. Абайы кыргыз көчүндө кыз-келиндердин минген атына жабылган, ошондой эле кыздын себине же тартуу катары да берилген. Бүгүнкү күндө улуттук майрамдарда колдонулат. Уздар анын жердигин эндей таардан, кездемеден тандап, ага, «Илме дос», «басма сайма» аркылуу түр жиптерден көркөм көчөттөрдү табакча-табакча кылып, ат соорусунан даана көрүнгөндөй беришкен.

«Агынектин боюнан, Аша коюп адуулап, Алдындагы Буурулду, Абайы менен жабуулап» («Семетей»).

Маалыматтын булагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]