Абай (кейипкер)

Википедия дан

Абай (кейипкер)— эпизоддук кейипкер. Алмамбет менен Көкчөнү араздаштыргандардын бири. Калыстыгы, жалпы эле адамгерчилиги менен элге алынып кеткен Алмамбетти ичи тардык кылып күнүлөшкөн казак бийлери анын таянганы кан Көкчөдөн ажыратуу жөнүндө жыйылып алып өз ара кеңеш курушканда, А. Алмамбеттин издеп келер кишиси жок, өлтүрүп салалы деп кеңеш кошот (Сагымбай Орозбаков , 2. 245).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4