Абакан

Википедия дан

Абакан шаары - Орусия Федерациясындагы шаар (1931), Хакас Республикасынын административдик борбору (1991). Минуса ойдуңунун борбордук бөлүгүндө жайгашкан. Абакан дарыясы Енисейге куйган жердеги кеме турагы. Калкы 167,4 миң (2002). Темир жана автомобиль жолдор тоому. Хакасиянын маданий, илимий борбору. Жеңил (тигүү, трикотаж, бут кийим фабрикалары), тамак-аш, курулуш материалдар, жыгаччылык өнөржайлары, механикалык-тажрыйба, болот куюу заводдору иштейт, 11 ЖОЖ (филиалдары менен), университет, педагогикалык институт, үч театр (анын ичинде Хакас улуттук, 1931; Орус театры, 1939), китепканалар, мекентаануу музейи, филармония, дендрарий бар. Оор машина куруу («Абаканвагонмаш», «Абакан ОМЗ») өнүккөн. 1823-ж. Усть-Абакан кыштагы катары пайда болгон (1925-31-ж. Хакасск).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]