Абакиров Анаш

Википедия дан

Абакиров Анаш - ( 2. 3. 1926, Чүй облусу, Сокулук району, Кызылтуу айылы 26. 10. 1995, Бишкек) журналист, тарых илимдеринин кандидаты (1966). Россиянын Иваново шаарындагы аскердик окуу жайын бүтүргөн (1942). Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Кыргызстан ЛКСМ БКда инструктор (1950-51), ошол эле жерде жооптуу уюштуруучу (1951-52), ВЛКСМ БКнын алдындагы Борбордук комсомолдук мектептин угуучусу (1952-54), «Ленинчил жаш» гезитинин редакторунун орун басары (1954-56, 1961), Тянь-Шань обком комсомолунун биринчи секретары, Кыргызстан ЛКСМ БКнын секретары (1956-59), Кыргызстан КП БКнын үгүт-насыят бөлүмүнүн башчысынын орунбасары (1963, 1966-67), Кыргызстан КП БКнын алдындагы айыл чарба тармагы боюнча идеологиялык бөлүмдүн башчысы (1963-64), КПСС БКнын алдындагы Коомдук илимдер академиясынын аспиранты (1964-66), партиянын Фрунзе шаардык комитетинин экинчи секретары (1967-70), «Советтик Кыргызстан» гезитинин редактору (1970-72), Кыргыз ССРинин мамлекеттик басма комитетинин председатели (1972-79), Кыргыз ССРинин китеп сүйүүчүлөр коомунун председателинин биринчи орун басары (1979-87), Республикалык ардагерлер кеңешинин төрагасынын орунбасары (1991-95) болуп эмгектенген. Кыргыз ССР Жогорку Советинин 4 жолу чакырылышынын депутаты (1963-80). «Совет элин социалисттик интернационализм духунда тарбиялоодогу партиялык басмасөздүн ролу» (1966) аттуу илимий эмгеги жана «Унутулгус күндөр» (1958) жана башка чыгармалары жарык көргөн. Ата Мекендик согуш ордени (1985), Эмгек Кызыл Туу (1971), эки жолу «Ардак Белгиси» (1957, 1976) ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1