Абак Биялиев

Википедия дан

Абак Биялиев - 1938-жылы 20-июлда Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Куйручук айылында төрөлгөн. КМУУнун филология факультетин 1960-жылы бүтүргөн. 1960-1977- жылдарда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунда ага лаборант, кенже жана ага илимий кызматкер болуп он жети жыл эмгектенген. Филология илимдеринин кандидаты (1972), окумуштуу-тилчи, лексикограф, диалектолог, КМУУнун профессору.

Илимий эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Академиктер К.К.Юдахин менен Б.М. Юнусалиевдин шакирти. "Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүн" (бир томдук. 1969, эки томдук 1985), фразеологиялык (1980), синоним (1984) сөздүгүн түзүүгө катышкан. Кыргыз тилинин 5 түрдүү лингвистикалык сөздүктөрүнө авторлош жана автору. Биялиев 60 басма табактан ашуун сөздүктөрдү түзүүгө катышкан.

«Кыргыздардын аңчылык кесибинин элдик терминдери» боюнча кандидаттык диссертациясын коргогон. «Аңчылык кесибинин кыргызча-орусча сөздүгү» 1967-жылы жарыяланган.

«Улуу манасчы, феномен Сагымбай Орозбаков», «Кыргыз диалек-тологиясы», «Кыргыз адабий тили жана анын адабий нормасы», «Манас» эпосунун тили» - деген ЖОЖдор учун окуу китептеринин автору.

КМУУнун Кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз тил илими кафедрасында 1978-жылдан бери эмгектенет. Ал эң негизги предметтер: «Кыргыз тилинин лексикасы, лексикологиясы», «Кыргыз диалектологиясы», «Кыргыз адабий тили жана адабий нормасы» жана ""Манас" эпосунун тили", «Кыргыз лексикографиясы» - деген атайын курстар боюнча лекция окуп, практикалык сабак өтүп келатат.


Кыргыз тилинин ар кандай бөлүмдөрү менен ар кыл тармактарын өз ичине алган 150 басма табактан ашуун макалалары, изилдөөлөрү, окуу китептери жарык көргөн.

А. Биялиев эл агартуунун отличниги, «эмгектин ардагери», «Манас» эпосунун миң жылдыгында анын медалы жана сыйлыгы ыйгарылган. КМУнун 50 жылдыгында анын медалын жана Билим жана маданият министрлигинин Ардак грамотасын алган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз адабий тили жана анын адабий нормасы