Аба буралгысы

Википедия дан

Аба буралгысы, пропеллер (лат. ргореllere айдоо, түртүү) айланганда абаны артка шилөө менен тартуу күчүн пайда кылуучу калактуу жылдыргыч. Аба буралгысын 1475-ж. Леонардо да Винчи сунуш кылган, 1912-ж. Н. Е. Жуковский өрчүткөн. Аба буралгысы кыймылдаткычтын огуна кийгизилген күпчөктөн жана ага бекитилген түрдүү түспөлдөгү калакчалардан турат. Ал учуучу, аба жаздыктуу аппараттарда, аэрочанада колдонулат. Кыймылдаткычынын кубаттуулугуна жараша эки, үч жана көп калакчалуу болуп жасалат. Тартуу күчүн чоңойтуучу жана кубаттуулуктун коромжусун азайтуучу октош (кийиштирилген) жана бири бирине тескери айланган аба буралгысын пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1