Абдиев Беделбек

Википедия дан

Абдиев Беделбек (18. 5. 1953-ж. туулган, Суусамыр өрөөнү, Тунук кыштагы) - жетекчи кызматкер, ишкер.

  • Кыргыз мамлекеттик университетинин механика-математика факультетинин колдонмо математика бөлүмүн бүтүргөн (1975).
  • Эмгек жолун Курулуш министрлигинин алдындагы «Оргтехстрой» трестиндеин-женер болуп иштөөдөн баштаган.
  • Кийинчерээк улук инженер, бөлүмдүн башкы инженери,
  • 1983-92-жылдары мамлекеттик курулуш башкармалыгында информацияны кабыл алуу, контролдоо жана чыгаруу боюнча бөлүмдүн башчысы,
  • 1992-ж. «Марко-Поло» жана 1999-ж. «Гана» Ачык акционердик коомдорунда (ААК) коммерциялык директор,
  • 2001-жылдан «Тунук» акционердик коомунда генералдык директор жана жеке ишкер болуп эмгектенген.
  • 2005-07-жылдары Чүй облустук администрациясында губернатордун орун басары - аппарат жетекчиси,
  • 2007-жылдын февралынан кайрадан «Тунук» акционердик коомунда генералдык директор.
  • Басыл уруусунан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9