Абдувалиев Ибрагим

Википедия дан

Абдувалиев Ибрагим (1947. 10. 05, Үч-Дөбө айылы, Баткен р., Ош обл.) - филология илимдеринин доктору.

Аталган райондун Самаркандек орто мектебин 1964-жылы бүтүп, кийин Ош шаарындагы башталгыч класстардын мугалимдерин даярдоо курсун аяктап, Баткен районунун мектептеринде эмгектенет.

  • Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин бүтүрүп (1972-1977), 1977-1984-жылдары Баткен жана Кант райондорунун мектептеринде эмгектенет.
  • Аспирантураны Кыргыз улуттук университетинде (1981-1983) сырттан окуп бутөт да,
  • 1984-жылы Фрунзе шаарында «Кыргыз тилиндеги ат оюндарына байланыштуу лексика» («Конноспортивная лексика в кыргызском языке») деген темада кандидатгык диссертациясын коргойт (илимий жетекчиси - профессор T. К. Ахматов).
  • 1984--1988-жылдары Кыргыз Республикасынын ИУАсынын Тил жана адабият институтунун «Диалектология жана кыргыз тилинин тарыхы секторунда кенже, анан илимий кызматкер.
  • 1988-1990-жылдары «Кыргыз Совет Энциклопедиясында» «Манас» редакциясынын башчысы,
  • 1990-жылы И.Арабаев атындагы мамлекеттик педагогикалык университетинде Мамлекеттик тил жана маданият институтунда, «Кыргыз тили» кафедрасында улуу окутуучу, доцент,
  • 1992жылы ушул кафедранын башчысы.

2004-жылдан баштап Жалал-Абад мамлекеттик университетинин алдындагы Тилдер жана маданият институтунун директору.

Негизги илимий багыты - кыргыз тилинин лексикологиясы, грамматикасы, кыргыз тилинин орфографиясы жана кыргыз алфавити.

«Манас» энциклопедиясын редакциялоого катышкан. Кыргыз тилин жогорку окуу жайында жана орто мектепте окутуу проблемасына да кызыгат. Эмгектерин кыргыз жана орус тилдеринде жазат. 50дөн ашык илимий макала жазган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабият Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9