Абдугани Абдугафуров

Википедия дан

Абдугафуров, Абдугани - жазуучу, драматург, сатирик. 1941-жылы 17-декабрда Ош шаарында туулган. Эмгек жолун саат оңдоочу болуп иштөө менен баштаган. 1961 - 1966-жж. Ош мамлекеттик педагогикалык институтун сырттан окуп бүтүргөн. 1964 - 1973-жж. Ош облустук «Ленин йули» гезитинин адабий кызматкери, бөлүм башчысы, 1973–1983-жж. Оштогу Бабур атындагы (мурдагы Киров) драма театрынын директору, 1984 - 1985-жж. Кыргызстан Компартиясынын Ош обкомунун инструктору, 1988-жылы редакциялык өндүрүштүк бирикменин башкы директору, 1990-жылдын март айынан Ош шаардык Аткаруу комитетинде, 1991 - 1992-жж. Ош шаардык Кеңешинде төраганын орунбасары болуп иштеген. Шаардык Кеңештин депутаттыгына эки жолу шайланган. 1992–1993-жж. Жумуш менен камсыздоо боюнча Ош облустук башкармасынын начальнигинен, Ош облустук «Ош садоси» өзбек тилинде чыгуучу гезитинин башкы редакторлугуна которулган.

1978-жылы КПСС БКнын алдындагы жогорку мектепти сырттан окуп бүтүргөн.

Анын чыгармачылыгы 1965-жылдан башталып, 1968-жылы биринчи жолу «Бушайман» аттуу комедиясы Оштогу Киров атындагы өзбек музыкалуу драма театрында коюлган. 1974-жылы биринчи ырлар жыйнагы жарык көргөн. Мезгилдүү басылмаларда бир топ интермедиялары, драмалары, сатиралык чыгармалары жарыяланып келген. Бир топ драмаларды кыргыз жана өзбек тилдерине которгон.

1976-жылдан СССР Жазуучулар, Журналисттер жана Театр ишмерлер союздарынын мүчөсү.

Маданият тармагындагы жана чыгармачылык, уюштуруучулук кызматтары үчүн Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасына (1977), «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери» наамына (1980) татыктуу болгон жана «Манас» ордени," Данакер" ордени, «Даңк» медалы (1998) менен сыйланган.


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аталар мурасы: Драмалар жана комедиялар. - Ф.: Кыргызстан, 1979. - 152 б.

Сыйлык бөлүштүрүү: Сатиралык аңгемелер жана интермедиялар. - Ф.: Мектеп, 1984. - 80 б.

Күлкүнүн күчү: Пьесалар жыйнагы. - Б.: Адабият, 1987. - 128 б.

Мыскылдар: Анекдоттор. – Ош,1991. – 64 б.

Оштун мыкты перзенттери: Очерктер, аңгемелер. – Ош, 2001. – 174 б.

Тандалган чыгармалар. – Ош, 2006. – 478 б.


Өзбек тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адашбай: Ырлар. - Ташкент, 1974. - 112 б.

Сиз бир ёндан, биз бир ёндан: Сатиралык аңгемелер. - Ташкент, 1977. - 96 б.

Юсупжан куудул: Сатиралар. - Ташкент, 1993. - 82 б.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]