Абдуллаева Арзыкан

Википедия дан

Абдуллаева Арзыкан (туулган, өлгөн жылдары белгисиз) Кийиз буюмдарынын чебери.

Аксы районундагы Караван айылында жашаган. Ал көбүнчө шырдамал жасап, айыл ичинде оймочу катары белгилүү болгон. Мында уз буюм жээгине шырдак оюмдарын «жарым кыял оюмунан» төптөштүрө берип, ортолук оюму ак милте менен «ит куйрук оюму» чагарактала түшүп, табакчалардын төрт бурчунан «ачкыч оюмунун» алдынан «карга тырмак оюму» «чагарак оюму» менен биригип, анын жарымы колтук оюму болуп көрүнүп, ал табакчаларды «ит куйрук оюму» кашкайта бөлүп турат. Кийизи койдун күзгү кылчык кара жүнүнөн калың уютулуп, узак убакыт урунууда бышык болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0