Абдуллаев, Хабиб Мухамедович

Википедия дан

Абдуллаев, Хабиб Мухамедович (1912, Ош облусунун, Араван кыштагында, – 1962, Ташкен) – көрүнүктүү өзбек совет геологу, Өзбек ССР ИАнын академиги (1947), президенти (1956–62), СССР ИАнын корресподент мүчөсү (1958), геология-минералогия илиминин доктору (1946). Орто Азия индустрия институттунун геология факультетин бүтүргөн. Москва геология чалгындоо институттунда (1936), Орто Азия политехника институттунда (1940) педагог кызматтында иштеген. Орто Азия индустрия институттунун жана Өзбек ИАнын Геологдор институттунун директору (1949 – 50).

Абдуллаев петрологиянын теориялык маселелерин, кен илими жөнүндө окууну, скарпель жана аны менен байланыштуу болгон кендердин маселелерин иштеп чыккан. Айрым кен байлыктардын пайда болушу жана алардын жер кыртышында таралып закон ченемдүүлүгү жөнүндө илимий теорияны козгогон. Абдуллаевдин 130дан ашык илимий эмгеги (анын ичинде 6 монографиясы) бар; айрымдары дүйнөгө маалым. Ленин сыйлыгынын (1959), Бируни атындагы Өзбек ССРинин мамлекетик сыйлыгынын (1970) лауреаты. Ленин ордени, эки Эмгек Кызыл Туу, үч Кызыл Жылдыз жана “Ардак Белгиси” ордендери, бир нече медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]