Абдуллаев Камчыбек
Көрүнүш
Абдуллаев Камчыбек 1950-жылы 21 -ноябрда Сузак районунун Октябрь кыштагында туулган.
- 1968-жылы Сузак районуна караштуу У. Абдукаимов атындагы орто мектепти аяктаган.
- 1969-1971-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
- Эмгек жолун 1971-жылы Сузак районунун «Дружба» совхозунда айдоочу болуп иштеп баштаган.
- «Дружба» совхозунда 1984-жылга чейин,
- 1984-жылдан Жалал-Абад «Электро» мекемесинде айдоочу болуп эмгектенип,
- 2015-жылы ардактуу эс алууга чыккан.
- Социалисттик мелдештин бир канча жолку жеңүүчүсү.
- 45 жыл татаал, кооптуу айдоочулук кесипти аркалап, көптөгөн жаштарга устат, үлгү болгон.
- Көп жылдык үзүрлүү эмгеги жана адамдык кадыр-баркы жогору бааланып,
- 2008-жылы Багыш айыл кеңешине депутат болуп шайланган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3