Мазмунга өтүү

Абдулла Кадыри

Википедия дан
Абдулла Кадыри
‎Abdulla Qodiriy
Туулган датасы:

10 -апрель 1894(1894-04-10)

Туулган жери:

Ташкен

Өлгөн датасы:

4 -октябрь 1938(1938-10-04) (44 жаш)

Өлгөн жери:

Ташкен

Абдулла Кадыри — өзбек драматургу, акын, жазуучу жана адабий котормочу болгон. Ал 20-кылымдын эң таасирдүү өзбек жазуучуларынын бири болгон[1][2]. Ал тарыхый романдары аркылуу өзбек адабиятына реализмди киргизип, башка көптөгөн Борбор Азиялык романисттерге таасир эткен[3][4].

Абдулла Кадыри 1894-жылы 10-апрелде ошол кездеги Орус Түркстанынын Ташкен шаарында туулган. Абдулла ар кандай кара жумуштарды жасап жүрүп, бир соодагер аны китеп көчүрүүчү кылып жалдаган. Ал 1910-жылдардын ортосунда жазууга кызыга баштаган.

1926-жылы Абдулла «Муштум» журналында жарыяланган «Уккандарымдан жыйынды» (Yigʻindi gaplar) аттуу макаласы үчүн кыска убакытка камалган. Кийинчерээк ал өзбек коммунисттик партиясынын жетекчиси Акмал Икрамовдун коргоосу жана колдоосу астында жашаган, бирок 1937-жылы Икрамов камалган соң Абдулла колдоосуз калган. Ал 1937-жылы 31-декабрда "эл душманы" катары кайрадан камакка алынган. 1938-жылы 4-октябрда Ташкенде атылган.

Абдулланын эң белгилүү чыгармалары тарыхый романдары «Өткөн күндөр» (1922) жана «Михрабдан чаян» (1929) болуп саналат[1]. «Өткөн күндөр» өзбек жазуучусу жазган биринчи толук көлөмдөгү роман болуп эсептелет. Анын «Калвак Махзумдун эскерүү дептеринен» (Kalvak Mahzumning xotira daftaridan) жана «Ташполат ачуулуу эмне дейт?» (Toshpoʻlat tajang nima deydir?) аттуу чыгармалары өзбек адабиятынын эң мыкты сатиралык чыгармаларынын катарына кирет[3].

  1. 1.0 1.1 SobirMirvaliyev Abdulla Qodiriy (өзб.). Ziyouz.
  2. Кадырова, Назгүл. Өзбек адабиятынан Абдулла Кадырийдин “Караңгыдан качыш” романы, TRT Кыргызча (15.06.2018).
  3. 3.0 3.1 "Qodiriy, Abdulla". Ensiklopedik lugʻat (in өзбекче). 2. Toshkent: Oʻzbek sovet ensiklopediyasi. 1990. p. 490. 5-89890-018-7. .
  4. "Uzbek Literature". Encyclopædia Britannica. Retrieved April 8, 2012.