Абдулла Талип
Абдулла Талип | |
уйгурча: ئابدۇللا تالىپ | |
Туулган датасы: | |
---|---|
Туулган жери: |
Келпин, Ак-Cуу, Шинжаң |
Өлгөн датасы: | |
Өлгөн жери: |
Абдулла Талип (1926-2005) – уйгур акын, жазуучу[1], педагог.
Ал 1926-жылы Шинжаңдын Ак-Cуу аймагынын Келпин районунда дыйкан үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Башталгыч билимди билимдүү чоң атасынын тарбиясында алган. 1943-1946-жылдары Ак-Cуу педагогикалык институтунда окуган, андан кийин узак убакыт бою билим берүү тармагында эмгектенген. 1955-1956-жылдары Бээжиндеги педагогикалык университетте билимин өркүндөтүп, андан кийин Шинжаң билим берүү басмаканасында иштеген жана Шинжаң билим берүү изилдөө институтунда илимий иштер жана адабий чыгармачылык менен алектенген.
Абдулла 1943-жылы «Ак-Cуу гезитинде» жарыяланган алгачкы ыры «Мээримдүү эне» (Мерипет ана) менен адабият ааламына кирген. Анын айрым ырлары жамааттык поэтикалык жыйнактарга кирген. Кийинчерээк Абдулла проза жанрына да кайрылып, революциялык мекенчил акын Лутпулла Мутеллиптин жашоосу чагылдырылган «Кайнам өркүшү»[1] романы менен 1940-жылдардагы социалдык реалдуулукту чагылдырган «Чала тийген ок» романын жазган. Ошондой эле 1940-жылдардын аягында «Эркин жанан», «Сүйүүм эң сонун» сыяктуу драмаларды жазган.
Абдулла ошондой эле уйгур билим берүү тарыхчысы болуп, «Уйгур билим берүү тарыхынан маалыматтар» аттуу эки бөлүктөн турган китепти жана бир катар тарыхый, илимий макалаларды жазып жарыялаган.
Ал 2005-жылы Үрүмчү шаарында дүйнөдөн кайткан.
Жарык көргөн китептери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кайнам өркүшү, Шинжаң жаштар – өспүрүмдөр басмасы, 1983 (роман)
- Чала тийген ок, Шинжаң жаштар – өспүрүмдөр басмасы, 1985 (роман)
- Жуп айкел, Шинжаң эл басмасы, 1988 (ыр жыйнагы)
- Лала-Курбан Бээжиң: Улуттар басмасы, 1997 (роман)
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ 1.0 1.1 Kaşgarlı, Raile Abdülvahit (2014). "Çağdaş Uygur Edebiyatı ve Onun Geleceği". Uluslararası Uygur Araştırmaları Dergisi (3): 129–145. https://dergipark.org.tr/en/download/article-file/319097.