Абдулла хан II ибн Искандер

Википедия дан

Абдулла хан II ибн Искандер (болжол менен 1534-1598) Шейбаниддер династиясынан чыккан өзбек ханы. 1557-ж. Бухараны басып алып, аны Шейбаниддер мамлекети Бухара хандыгынын борборуна айлантат. 1561-жылдан атасы Искандер хандын атынан башкарса, атасы көз жумган соң 1583-ж. «Бүткүл өзбек ханы» деген титул кабыл алып, бийлигин жүргүзгөн. Абдулла хан II Бухара хандыгына Фергана, Хорезм, Балх, Ташкен, Бадахшан чөлкөмдөрүн кошуп алат. 1587-88-ж. Ирандын Мерв, Герат, Мешхед, Нишапур шаары (1597-ж. Аббас I кайрадан жеңип алган) шаар менен бирге Хорасан аймагын тартып алат. Соода, колөнөрчүлүк менен алектенгендерге колдоо көрсөткөн. Анын тушунда Бухарадагы Кукелташ медресеси сыяктуу көркөм кооздолгон имараттар арбын курулган. Индия, Түркия жана орус өлкөлөрү менен соода байланыштары күчөгөн. Абдулла хан II дүйнөдөн кайткандан кийин Шейбаниддердин ордуна Аштарханиддер династиясы бийликке келген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1