Абдул-Хамид II

Википедия дан

Абдул-Хамид II (21. 9. 1842, Стамбул 10. 2. 1918, ошол эле жерде) Осмон империясынын султаны (1876-1909); империянын акыркы башкаруучусу. Абдул-Хамид мамлекеттин бирдиктүүлүгүн сактоого күч жумшап, мамлекеттин ички иштерине чет өлкөлөрдүн кийлигишүүсүн чектөөгө аракеттенген, ошол доордогу өтө күчтүү жана чебер саясатчы катары белгилүү. Ал 1876-ж. конституцияны жарыялоого жана парламентке шайлоолорду өткөрүү тууралуу убадасы менен «Жаңы осмондор» кыймылынын лидерлери тарабынан такка олтурган. Алгач бул шарттарды ишке ашырган Абдул-Хамид кийинчерээк 1877-78-ж. орус-түрк согушунун кыйынчылыктарынан пайдаланып, парламентти тараткан жана 1876-ж. конституциялык иш-аракеттерди токтоткон. Замандаштары анын башкаруу мезгилин «зулум доор» деп аташкан. Абдул-Хамид майда улуттардын жана дин өкүлдөрүнүн өз кызыкчылыгын сактоого умтулган кыймылдарын аёосуз баскан. Мисалы, армян улуттук уюмдарынын өз элинин укуктарын сактоого умтулган иш-аракеттерине жооп кылып, бийлик тарабынан Сасун, Стамбул жана башка шаарларда талоондор уюштурулган. Саясатта панисламизм доктринасын колдонуп, бардык мусулмандарды, анын ичинде чет жерликтерди да бириктирүүнү көздөгөн. Анын пикири боюнча, бул иш-чаралар империянын бүлүнүүсүн токтотуп, ошондой эле дүйнөдөгү улуу державалардын диктатына каршы турууга шарт түзгөн. Абдул-Хамиддин Германиянын кайзери Вильгельм II менен өзара мамиле түзүшүнүн натыйжасында 1890-ж. герман-түрк соода келишими түзүлгөн жана Немец банкына Багдад темир жолун курууга концессия берилген. 1890-жылдын аяк ченинен оппозициянын өкүлдөрү, жаш түрктөр кыймылынын нааразылык көрсөтүүлөрү күчөп, 1908-ж. аскердик бөлүктөрдө алардын таасири алдында конституциялык тартипти калыбына келтирүүнү жана парламент чакырууну талап кылган массалык чыгуулар башталган. 1908-ж. 24-июлда Абдул-Хамид бул шарттарды аткарууга аргасыз болот. 1909-ж. 13-апрелде жаш түрктөрдүн каршылаштары Абдул-Хамиддин макулдугу менен Стамбул гарнизонунда аскерлердин козголоңун баштаган. Эки жумадан кийин алардын козголоңу басылып, 27-апрелде парламент тарабынан Абдул-Хамидди бийликтен четтетүү тууралуу чечим кабыл алынган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1