Абдыкадыр Асанбаев

Википедия дан

Асанбаев Абдыкадыр Ат жабдыктарынын чебери. 1938-ж. Ат-Башы районундагы Терек-Суу айылында төрөлгөн.

Орто билимдүү. Чарбада кыйла жыл чабан болуп иштеген. 1990-жылдан Кыргызстан Эл чеберлер союзунун мүчөсү. Устачылыкка тестиер кезинен умтулуп, өрүмчү катары таанылган. Жүгөндүн ооздугуна Абдыкадыр калай менен жез чайкайт. Мындай нарктуулук анын чебер усталыгын аныктайт. Ага ээр чабууну жана каптоону Төлөнбай уста көрсөткөн. Учурунда Төлөнбайга устачылыкты Токто деген зергер үйрөткөн экен. Токто кара темирди камырдай ийлеп, күмүштү кылдай созгон зергер болгон дешет. Мындай усталар Ат-Башы өрөөнүндө көп болгон. Алардын көрүнүктүүсү Баш-Кайыңдыдан Токтогул, Ой-Терскенден Мамбетаалы, Талды-Суудан Айсаракун, Кара-Булуңдан Асан, анын иниси Азиз өңдүүлөрдүн аттары дайыма айтылат. Алар - устакерчиликтин мектебин түзгөндөр. Булар Абдыкадырга зор шык берген. Ал ошондой чеберлердин улуу көчүн улап, ат жабдыктарын өрүп да, кайып да жасоодо. Ал башка аймактан көп кездешпеген «музоо тиш» өрүмүнө өтө чебер. Бул жоопкерчилик заманда жортуулга камчылана турган сокмоктуу камчылардан. Ал күздө кыркылган табылгы же ыргайдан сапталат. Өтө бышык болгондуктан табылгы кабыгы менен көлөкөдө катырылат. Түлкүнүн, жылкынын, торпоктун терисинен өрөт. «Музоо тиштин» төрт-беш түрүн мыктап өргөн өрүмчү өрүмдү сегизден тартып жыйырма талга дейре жуп сан менен ойдогудай келтирет. Терини жыдыткандан кийин ашаткыга салып ийлеп, күдөрү болгон кезде жаага керип, аябай ийленген жумуру өзөктүн үстүнөн өрө баштайт. Ал кадимки терме өрүмдөй бирден терилип, бирден басылат. Натыйжада, көгү жоон тилинип өрүмү жыш түшүп, музоонун тишиндей төрт чарчы көрүнөт. Мындай өрүмдүү камчы кармаган чеберлер Ат-Башы, Нарын аймактарында өтө аз. Ал «суйсалма өрүм», «жылан боор өрүм» өңдүү татаал өрүмдөрдөн кыйла айырмаланат. Алсак «суйсалма өрүмдө» көк бирден терилип, үчтөн басылса, «жылан боор» өрүмдө бирден терилип, экиден басылат. Алардын орто жеринен бир көк үзүлсө өрүм башына дейре жанып кетиши ыктымал. Ал эми «музоо тиш өрүмү» бирден басылып, бирден өрүлгөндүктөн, учунан да, ортосунан да жанбайт. Чебер мындан тышкары «жарым нокору өрүмү», «жон нокору өрүмү» жана «беш кашка өрүмү», «жети кашка өрүмү» аркылуу ат жабдыктарынын жүгөн, куюшкан, басмайыл, көмөлдүрүк сыяктуу бөлүктөрүн бир колдон чыгарууда. Чебердин булдурсун камчылары дайыма наркка өтүүдө. А. Асанбаев кайыкчылык өнөрүн да жакшы билет. Ээр чабууда ошол аймакта өскөн жыгачтарды кыйып, кенен бир жылча кабыгын аарчыбай кургатат. Эки учун солидол менен майлап коёт. Чакан ээрге 55 см, чоң ээрге 60 см кылып кыят да, сомдоп туруп алты-жети саатча сууга кайнатып алат. Аны улам чаап, улам суу сээп турат. Мындай аракеттер бир нече кайталанат. Ээрдин алдыңкы актасы 18,5-19 см болот. Арткы актасы 24 см, андан кеңейткенде аттын жонуна токтому болбойт. Ээр кашынын диаметри 12 см болот. Абдыкадыр басмайыл өрүмүн 7-9 талдан өргөндө ортолоруна жик (кобул) түшпөй, туташ «жылан боор өрүмү» шекилдүү жалпак түшөт. Ал эми 11 талдан өргөндө «беш кашка өрүмүн» жанаша өргөндөй өңдөнүп, ортосунан кобул көрүнөт. Абдыкадыр бычак да жасайт. Анын сабын көбүнчө жылкынын шыйрагынан араалайт. Аны жымсалдоодо чарыкты колдонот. Толтосуна жез салат. Ал койдун жото жилигин иштетүүнүн жекече ыкмаларын да мыкты билет. Уулдары - Сатай, Тагай ата өнөрүн улап «каз таңдай өрүмүн» 7-9-11 талдан өрө алышат. Эмгеги түстүү баттамада. Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктары 1982-ж. СССРдин 60 жылдыгына карата «Көркөм кол өнөрчүлөрдүн республикалык I кароо-сынагы». Өрүм жана кайык ат жабдыктары үчүн Кыргызстан КП БКнын жана Кыргыз ССР Министрлер Советинин Ардак грамотасы; 1984-ж. Кыргыз ССРинин жана Кыргызстан Компартиясынын 60 жылдыгына карата «Элдик чеберлердин көркөм буюмдарынын республикалык II кароо-сынагы. Ат жабдыктары үчүн Кыргызстан КП БКнын жана Кыргыз ССР Министрлер Советинин II даражадагы диплому; 1990-ж. Кыргызстан Эл чеберлер союзунун уюштуруу көргөзмөсү. Ат жабдыктары коюлган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0