Абдыкерим Алымов

Википедия дан
Алымов Абдыкерим

Алымов Абдыкерим -обончу, ырчы Аксы районунун Кашка-Суу айылында 1946-жылы 28-февралда туулган. 1963-жылы Кашка-Суу айылынын Ленин атындагы орто мектебин, 1969-жылы Ош Мамлекеттик педагогикалык институтунун музыкалык-педагогикалык факультетин аяктаган. 1969–1972-жж. Жаңы-Жол районунун пионерлер үйүнүн директору, 1972–1974-жж Жаңы-Жол райондук маданият үйүнүн директору, 1974–1975-жж. кайрадан Пионерлер үйүндө директор, 1975–1978-жж. Жаңы-Жол райондук музыкалык мектептин директору, 1978–1983-жж. Лейлек райондук маданият бөлүмүнүн башчысы, 1983-жылы Кара-Суу райондук маданият үйүнүн директору, 1983–1984-жж. Ош облустук илимий-методикалык борборунун эл чыгармачылыгы бөлүмүнүн башчысы, 1984–1986-жж. Ош педагогикалык окуу жайында мугалим, 1986–1991-жж. Алай райондук маданият бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Ал бир нече музыкалык жана театралдык чыгармалардын автору. Анын «Артык», «Ордендүү Ошум, мекеним», «Жалыным сен деп жангансыйт», ж.б. обондору республиканын аймагына тараган. 1968-жылы Кыргыз ССР ЛКЖС БКнын, 1976-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамоталары жана союздук, республикалык, облустук грамоталар, дипломдор менен сыйланган. Ал республикалык жана облустук кароо-сынактардын лауреаты болгон. Обондору комуздун, аккордеондун, эл аспаптар, симфониялык оркестрдин коштоосунда аткарылган жана айрым обондорунун сөздөрүн өзү жазган.


Аткарылып жүргөн чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Артык» с. А.Алымовдуку
  • “Эсиңдеби курбум баягы” с. К.Асанкуловдуку
  • “Музыка” с. Ш.Казыбековдуку
  • “Сенин кайдан чыгарыңды билбеймин” с. Ж.Мамытовдуку
  • “Биздин бригада” с. Б.Өмүрованыкы
  • “Көзгө сүйкүм көрүндүң” с. С.Исакбаевдики
  • “Тоо кызы” с. Ж.Садыковдуку
  • “Жаңы-Жолдун жаштар маршы” с. А.Сооронбаевдики
  • “Түн элеси” с. С.Сүйөркуловдуку
  • “Жазык беле” с. Ш.Садыбакасовдуку
  • “Уулума” с. Г.Карымшакованыкы
  • “Тууган жер сага баратам” с. У.Мамбеталиевдики
  • “Кыз көрүү” с. Т.Мияшевдики
  • “Москва” с. Ш.Казыбековдуку
  • “Келе берет ырдагым” с. А.Өскөнбаевдики
  • “Дагы ырда, дагы черт” с. Ж.Мавляновдуку
  • “Көктөм” с. Ж. Тынымсеитованыкы ж.б.

Дисктери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жалыным сенде жангансыйт (Сөзү элдики) – Э.Шамурзин. Кыргыз ырларынын антологиясы, МОНО М

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]