Абдылдаев Ташыбай

Википедия дан

Абдылдаев Ташыбай (1955-ж. т., Кетментөбө айылы) - коомдук ишмер.

КМУнун экономика факультетин (1980), Кыргыз айыл чарба институтун (1990) бүтүргөн.

1980-81-ж. Ош облустук пландоо комиссиясында, 1981-83-ж. Токтогул райондук дүң-соода базарында бөлүм башчы, 1983-87-ж. райондук керек-жарак союзунда башкарманын орун басары, 1987-92-ж. райондук айыл чарба башкармалыгынын, 1992-95-ж. «Курулуш» АКБнын Токтогулдагы филиалынын башчысы, 1995-2000-ж. райондук финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы, 2000-жылдан Эл депутаттарынын Токтогул райондук Кеңешинин төрагасы.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил.ISBN 9967-14-030-5