Базар

Википедия дан

Базар - соода кылуучу жай. Базар байыркы түрк (кыргыз) сөзү. Өз ара тилдик, чарбалык-экономикалык алакалашуулардан орус жана башка тилдерге өткөн. Базар жана соода көчмөн жана отурукташкан элдер үчүн эки тараптуу пайдалуу болгон. Эки тарап тең зарыл нерселерди сатып же башма-баш алмаштыра алышкан. "Товар" сөзү да байыркы түрк тилинде колдонулган. 11-кылымда энциклопедист Махмуд Кашкари: "Таwar- бул сатуучу үчүн атайын бөлүнгөн мал" деген түшүндүрмө берген. Чыгыштагы шаарлар соода борборлору катары өсүп чыгышкан. Базарда чарбалык керектөөлөр гана канааттандырылбай, кошуна өлкөлөрдүн, элдердеги экономикалык абал, саясий кырдаал, мамлекеттин ичиндеги чарбалык жана саясий абал жана башка маалыматтар талкууланып турган. Базардагы баага карата түшүмдүн, малдын, кол өнөрчүлүк буюмдарынын өздүк наркы бааланган. Эмгек рыногунун маанилүү бөлүгүн анализдөө.[1]

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • О. Каратаев; С. Эралиев. Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. Б.,"Бийиктик" - 2005-жыл.

Жазуулар[оңдоо | булагын оңдоо]

  1. Рыногун анализдөө.. Текшерилген күнү 17 -ноябрь (жетинин айы) 2019. Түп булактан архивделген күнү 6 -июль (теке) 2019.