Абдымомун аталык

Википедия дан

Абдымомун аталык - 1873-74-жылдардагы Кокон хандыгына каршы чыккан көтөрүлүштөрдүн жетекчилеринин бири.

  • Кокон ордосундагы беделдүү, таасирдүү инсан.
  • Ордодогу Алымкул аталыктын жакын адамы болгон.
  • 1865-жылы Ташкен Россияга каратылгандан кийин, ал Кудаярдын кызматына кирүүдөн баш тартып, Курама элинде (Ташкенге жакын жерде) жашап турган.
  • 1872-жылы кутлук-сейит уруусунун бийи Шер датка баштаган кыргыз төбөлдөрү биригип, тактыга Хорезмде жашаган Алим хандын небереси Полот бекти тандашат.
  • Бирок ал макул болбой койет.
  • Ойлору ордунан чыкпай калган бийлер Ташкендин жанындагы Курамадагы Абдымомундун үйүндө кызмат кылып жүргөн жигити Искактын Полот бекке окшош экендигин байкашып, айтышат.
  • Искак тобокелге сальга, көтөрүлүшкө жетекчи болуп берүүгө макулдугун билдирет.
  • Ошондон кийин кыргыз төбөлдөрүнүн коштоосунда Искак 200 жигити менен Чаткалга келет.
  • 1873-ж.жайында 29 жаштагы Искак “Полот хан” деген ат менен Ала-Буканын Сафед-Буланында миңдеген кытай, саруу, багыш, кыпчак урууларынын өкүлдөрүнүн катышуусунда ак кийизге салынып, хан көтөрүлгөн.
  • 1875-жылы Искак Асан уулу (Полот хандын) Коконду ээлеп, кыска мөөнөт хандык жүргүзгөн мезгилде А.
  • анын жакын кеңешчиси жана кол башчысы катары олуттуу орунду ээлеген.
  • 1876-жылы 8-февралда Кокон шаары Скобелев тарабынан каратылганда, курамалык Абдымомунда туткундалып, март-апрель айларында Кожентке, андан ары Ташкенге айдалган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6