Абдыракманов, Султанбек Арстанбекович

Википедия дан
Султанбек Абдыракманов, кыргыз журналисти жана публицисти. 25.5.2007.

Султанбек Арстанбекович Абдыракманов (Sultanbek Abdyrakmanov; 1963) – кыргызстандык таанымал журналист жана публицист. Теги – кыргыз. Жогорку билимдүү.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Султанбек Арстанбекович Абдыракманов 1963-жылы 23-августта Кыргызстандын азыркы Жалал-Абат облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Акман айылында төрөлгөн.

1980-жылы Фрунзе (Бишкек) калаасындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин) Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетине тапшырып, 1985-жылы окууну аяктаган.

Ошол эле жылы Жалал-Абат облусунун Базар-Коргон райондук “Эмгек жалыны” газетасынын редакциясында кабарчылыктан эмгек жолун жолун баштаган.

1989-жылы КПССтин Базар-Коргон райондук комитетинин “Билим коому” башкармалыгынын жооптуу катчысы болгон.

1991-жылдан Жалал-Абат шаардык ”Мезгил үнү” гезитинде бөлүм башчы, жооптуу катчы, башкы редактордун орун басары, Жалал-Абад облустук “Акыйкат жарчысы” газетасынын бөлүм башчысы , ”Асаба”гезитинин өз кабарчысы, областтык “Нур” телевидениесинин башкы редактору кызматтарында эмгектенген.

1995-жылдан баштап Кыргыз улуттук телерадио корпорациясында кабарчы, баяндамачы, продюсер болуп иштеген.

КТРдеги (азыркы КТРКдагы) кызматы менен катар 2003-2005-жылдары “Азаттык” үналгысы менен кызматташып, “Мезгил жана тарых” аттуу тарыхый уктуруулардын автору жана алып баруучусу болгон.

“Азаттык” үналгысы менен кызматташтыгы учурунда «Мезгил жана тарых» тарыхый репортаждар сериясынан сырткары, 2003-жылы январь, февраль айларында Сауд Аравия өлкөсүнөн ажылык сапар боюнча түз байланыштагы атайын материалдар, маектер уюштурган.

Андан сырткары, эл аралык «Көк бөрү» мелдештеринин жүрүштөрү жыйынтыктары боюнча спорттук маалыматтарды “Азаттык” үналгысы аркылуу калайыкка маалымдап турган.

2005-жылы Улуттук телерадио корпорациянын Президенттигине дайындалган. Андан соң, КТРКнын биринчи вице-президенттигине которулган.

2006-жылы “ЭлТР” коомдук телерадио компаниясынын башкы директорунун орун басары болуп бекитилген.

2008-жылдын сентябрь айынан 2011-жылдын апрель айына чейин Кыргызстан Мамлекеттик архив агенттигинин маалыматтык технологиялар борборунун директору, ага удаа “ЭлТР” коомдук телерадио компаниясынын көркөм редактору кызматында эмгектенген.

2011-жылдын апрель айынан кайрадан “ЭлТР” коомдук телерадио компаниясынын башкы директорунун орун басары болуп дайындалган.

Султанбек Абдыракманов, кыргыз журналисти, Түркиянын Изник шаарындагы орто кылымдардагы кыргыздарга багышталып курулган эски күмбөз менен заманбап эстеликтин жанында. 25.4.2012.

Учурда Ош шаарында турат.

Коомдук уюмдарга мүчөлүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Улуттук жазуучулар биримдигинин жана Журналисттер биримдигинин мүчөсү.
  • “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмеси менен кызматташып келет.

Чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Султанбек Абдыракманов, алатоолук кыргыз журналисти (солдо), жана Макелек Өмүрбай, кытайлык кыргыз окумуштуусу. Ош ш., Кыргызстан. 23.9.2011.

Таланттуу кыргызтаануучу, жигердүү тележурналисттин илимий изилдөө багыттары төмөнкүлөрдү камтыйт: Кыргыз мамлекети жана мамлекеттүүлүгү; Кыргыз мамлекеттүүлүгүндөгү Кокон хандыгынын ээлеген орду; инсаниат таануу багыты; Саян-Алтай жана кыргыз этносу; тарыхый эстеликтер; тарыхый инсандар жана алардын кыргыз тарыхындагы орду жана башка.

Сыйлыктары. Наамдары.[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик сыйлыктар:

  • “Ош 3000” эстелик медалы (2000),
  • Кыргыз Республикасынын “Ардак грамотасы” (2006);
  • Кыргыз Республикасынын Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты (2010).

Башка сыйлыктар:

  • ”Билим берүүнүн отличниги”,
  • “УТРКнын отличниги”,
  • ”ЭлТРдин мыктысы” наамдары бар.
  • “Базар Коргон районунун ардактуу атуулу” ардак наамы (2012),
  • Кыргыз Республикасынын Жаштар сыйлыгынын “Алтын диплому” (2003), Өкмөттүк, облустук, тармактык “Ардак грамоталар”, дипломдор, баалуу сыйлыктар ыйгарылган.
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы улуттук Тил комиссиясынын “Кыргыз тили” төш белгисинин ээси

Эмгектеринин кыскача тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Үй бүлөcү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Султанбек Абдыракманов жубайы Айжан менен. Ош ш., Кыргызстан. 10.11.2010.

Жети баланын атасы. Өмүрлүк жубайы – Айжан.

Ал тууралуу адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]