Абдыракунов Турдубай

Википедия дан

Абдыракунов Турдубай (1937, Жети-Өгүз району , Ак-Дөбө айылы) — фольклорчу, изилдөөчү. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин (1960), Кыргыз ССР Илимдер акдемиясынын Тил жана адабият институтунун аспирантурасын (1968) бүтүргөн. «Кыргыз эл табышмактары» деген темада кандидаттык диссертация (1973) коргогон. 1988-жылдан тартып Кыргыз ССР Илимдер акдемиясынын Тил жана адабият институтунун улук илимий кызматкери. «Бабалардан калган сөз» (1980) аттуу кыргыз фольклорунун тарыхы жөнүндөгү макалалар жыйнагынын автору. «Манас» эпосу менен башка элдердин эпикалык чыгармаларынын окшоштук, айырмачылык маселелери, «Манастын» айрым өзөк окуяларынын тарыхый чындык менен байланышына арналган макалалары бар. А-дун илимий талдоолору кыргыз элинин тарыхый даректеринин фактыларына, диний-мифологиялык түшүнүктөрдүн реалдуу турмуш менен байланыштуулугуна таянат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4