Толобек Абдырахманов
Абдырахманов Төлөбек Абылович, 1962-жылы 1-январьда Нарын областына караштуу Куланак айылында туулган. 1980-1982-жылдары Совет армиясында кызмат кылган. Жалпы эмгек стажы 40 жыл. Үй-бүлөөлү, 5 баланын атасы. 1982-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы КМУга тапшырып, 1987-жылы ийгиликтүү бүтүргөн жана ошол эле жылы КРнын УИАнын аспирантурасына кабыл алынган.
1989-жылы КМУнун тарых факультетинин лаборанты, 1992-жылы Азия, Африка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасында окутуучу болуп эмгектенген. 1996-жылы кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү жактап, тарых илимдеринин кандидаты даражасында Улуттук университеттин тарых факультетинде декандын орун басары, 1998-2001 жылдары “Кыргызтаануу” окуу-илимий борборунун директору болуп иштеген.
2001-жылдан баштап И.Арабаев атындагы КМУнун Окуу-инспекциялык башкармалыгынын начальниги, 2005-жылы Академиялык иштер боюнча департаменттин директору, ал эми 2006-жылы Университеттин Гуманитардык билимдер институтунун директору болуп иштеген. Ушул эле жылы ага “тарых” илиминин доценти наамы берилген.
2009-жылы И. Арабаев атындагы КМУнун биринчи проректорлук кызматына, 2010-жылы ректорлук кызматка дайындалган.
2015-жылы шайлоодо И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жамаатынын көпчүлүк добушуна ээ болуп, кайрадан ректорлук кызматка бекиген.
2011-жылы докторлук диссертациясын ийгиликтүү жактаган. 2013-жылы “Тарых” илиминин профессору жана “Билим берүүнүн менеджменти” магистрлик даражасына ээ болгон.
2014-жылы “Саясат-таануу” илиминин профессору наамына татыган.
Окумуштуу – насаатчылык ишинде, 5 илимдин докторун, 11 илимдин кандидатын, 50 илимдин магистрантын даярдаганга жетишти.
Коомдук иштери:
КР Илим жана техника жаатындагы Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комитетинин мүчөсү;
КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясынын мүчөсү;
КР нын Билим берүү жана илим министрлигинин илимий-техникалык кеңешинин мүчөсү;
КРдин Жогорку аттестациялык комиссиясынын президиумунун мүчөсү;
КРнын Жогорку аттестациялык комиссиясынын мүчөсү;
2013-жылдан 2017 - жылга чейин кандидаттык жана докторлук диссертацияларды жактоо боюнча Диссертациялык кеңештин төрагасы.
2017-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Диссертациялык кеңештин мүчөсү.
КРнын Кыргызстан элинин ассамблеясынын Кеңешинин мүчөсү;
ЮНЕСКО иштери боюнча Кыргыз мамлекетинин Улуттук комиссиясынын мүчөсү.
Педагогикалык кадрларды даярдоо боюнча КМШ өлкөлөрүнүн базалык уюму - МПМУнун Коомдук кеңешинин мүчөсү;
КРнын Өкмөтүнүн Билим берүү уюмдарынын потенциалын натыйжалуу пайдалануу боюнча ведомстволор аралык жумушчу тобунун мүчөсү (21.01.2020);
Билим берүү тармагына сиңирген эмгеги үчүн:
Кыргыз Республикасынын Илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреты болгон;
Кыргыз республикасынын Жогорку Кеңешинин “Ардак грамотасы”;
Кыргыз республикасынын Өкмөтүнүн “Ардак грамотасы”;
Бишкек шаарынын мэринин “Ардак грамотасы”;
Кыргыз республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Ардак грамотасы”;
Кыргыз республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын (ГКНБ) “Ардак грамотасы”;
Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук администрациясынын “Ардак грамотасы”;
Кыргыз республикасынын Билим берүүсүнүн отличниги;
Кыргыз республикасынын Профсоюз уюмунун отличниги;
КРдин профсоюздарынын БКсынын “Эң мыкты иш берүүчү” номинациясы боюнча сыйлыктын ээси (2013-ж.).
Ислам өлкөлөрүнүн экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКО) илим чөйрөсүндөгү өзгөчө кызматы үчүн берилүүчү эл аралык престиждүү сыйлыгынын лауреаты (Баку, 2012 - ж);
Түрк дүйнөсүнүн илимий чөйрөсүндө жетишкен ийгиликтери үчүн сыйлыгынын лауреаты (Эскишехр, 2013, Түркия);
Аскар Салымбековдун Прогрессивдүү демилгелерди колдоо фондунун “Акыл-Тирек” номинациясынын лауреаты (2016 ж);
Профессор Төлөбек Абдырахмановдун 350 дөн ашык илимий эмгектери жарык көргөн. Алардын ичинен 17 монографиялары, документтердин жана материалдардын 10 жыйнактары, 21 окуу китеби жана окуу-методикалык колдонмолору жеке жана авторлоштукта, кыргыз жана орус тилдеринде Кыргызстан менен чет өлкөлөрдө жарык көргөн.