Төлөбек Абдырахманов

Абдырахманов Төлөбек Абылович, 1962-жылы 1-январда Нарын областына караштуу Куланак айылында туулган.
Кыскача өмүр таржымакалы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1980-1982-жылдары Совет армиясында кызмат кылган. Жалпы эмгек стажы 46 жыл. Үй-бүлөөлү, 5 баланын атасы. 1982-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы КМУга өтүп, 1987-жылы ийгиликтүү бүтүргөн жана КРнын УИАнын аспирантурасына кабыл алынган.
1989-жылы КМУнун тарых факультетинин лаборанты, 1992-жылы Азия, Африка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасында окутуучу болуп эмгектенген. 1996-жылы кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү жактап, тарых илимдеринин кандидаты даражасында Улуттук университеттин тарых факультетинде лобарант, окутуучу, декандын орун басары, "Чөлкөм таануу" бөлүмүнүн башчысы, 1998-2001 жылдары “Кыргызтаануу” Окуу-илимий Борборунун директору болуп иштеген.
2001-жылдан баштап И.Арабаев атындагы КМУнун Окуу-инспекциялык башкармалыгынын башчысы, 2005-жылы Академиялык иштер боюнча департаменттин директору, ал эми 2006-жылы Университеттин Гуманитардык билимдер институтунун директору болуп иштеген. Ушул эле жылы ага “тарых” илими боюнча доцент наамы берилген.
2009-жылы И. Арабаев атындагы КМУнун биринчи проректорлук кызматына, 2010-жылы КМУнун ректорлук кызматына дайындалган.
2015-жылы шайлоодо И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жамаатынын көпчүлүк добушуна ээ болуп, кайрадан ректорлук кызматка шайланган.
2020-жылы шайлоодо И. Арабаев атындагы КМУнун жамаатынын көпчүлүк добушу менен кайрадан ректор болуп шайланды.
2022-жылы Ж. Баласагын ат КУУнун ректору болуп бекиген.
2011-жылы докторлук диссертациясын ийгиликтүү жактаган.
2013-жылы “Тарых” адистигинин профессору наамына жана
2013-жылы “Билим берүүнүн менеджменти” магистрлик даражасына ээ болгон.
2014-жылы “Саясат-таануу” адистигинин профессору наамын алган.
2021-жылы КР УА мүчө-корреспонденттигине шайланган
Окумуштуу – насаатчылык ишинде 7 илимдин докторун, 14 илимдин кандидатын жана Казакстандык 2, Кыйтайлык 1 PhD докторлорун даярдаган.
Т. Абдырахмановдун 400кө жакын эмгектери жарык көргөн. Алардын ичинен 70 монографиялар, документтердин жана материалдардын жыйнактары, 21 окуу китеби жана окуу-методикалык колдонмолору жеке жана авторлоштукта, кыргыз, казак, түрк жана орус тилдеринде Кыргызстан менен чет өлкөлөрдө жарык көргөн.
Коомдук иштери:
КР Илим жана техника жаатындагы Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиясынын мүчөсү;
КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясынын мүчөсү;
КР УИА Президиумунун мүчөсү;
КРдин Жогорку аттестациялык комиссиясынын Президиумунун мүчөсү;
КР Мининстрлер Кабинетинин Төрагасынын алдындагы Илим, инновация жана жаңы технологиялар Кеңешинин мүчөсү;
КР нын Билим берүү жана илим министрлигинин илимий-техникалык кеңешинин мүчөсү;
КРнын Жогорку аттестациялык комиссиясынын мүчөсү;
2013-жылдан 2017 - жылга чейин кандидаттык жана докторлук диссертацияларды жактоо боюнча Диссертациялык кеңештин төрагасы.
КРнын Кыргызстан элинин ассамблеясынын Кеңешинин мүчөсү;
Эл аралык коомдук Айтматовдук Академиясынын академиги;
ЮНЕСКО иштери боюнча Кыргыз мамлекетинин Улуттук комиссиясынын мүчөсү.
Педагогикалык кадрларды даярдоо боюнча КМШ өлкөлөрүнүн базалык уюму - МПМУнун Коомдук кеңешинин мүчөсү;
КРнын Өкмөтүнүн Билим берүү уюмдарынын потенциалын натыйжалуу пайдалануу боюнча ведомстволор аралык жумушчу тобунун мүчөсү (21.01.2020).
Анын демилгеси жана колдоосу менен:
-СССРдин 50 жылдыгы атындагы КУУнун тарых факультетинде "Чөлкөм таануу" бөлүмү ачылган;
-КУУнун "Кыргызтаануу" Окуу-илимий Борбору ишин баштаган;
-И.Арабаев атындагы КМУда: - "Манас таануу" институту
- "Теология" бөлүмү
-"Седжон" корей институту
-"Япон таануу" институту ачылган.
-КР ЖАКтын алдындагы диссертациялык кеңеште "Жалпы тарых" боюнча адистик киргизилген;
Илим жана билим берүү тармагына сиңирген эмгеги үчүн сыйлыктары:
Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген кызматкер наамы; (2021 ж.)
КР Илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреты; (2018 ж.)
Кыргыз республикасынын Жогорку Кеңешинин “Ардак грамотасы”;(2018 ж.)
Кыргыз республикасынын Өкмөтүнүн “Ардак грамотасы”;(2017 ж.)
КРдын Мамлекеттик кадрлар кызматынын "Ардак грамотсы";(2018 ж.)
КР Президенти алындагы Дин иштери боюнча Комиссиянын "Ардак грамотасы"(2016 ж.);
Бишкек шаарынын мэринин “Ардак грамотасы”;(2010, 2019 ж.ж.)
КР Билим берүү жана илим министрлигинин “Ардак грамотасы”;(2009 ж.)
КР Улуттук коопсуздук кызматынын (ГКНБ) “Ардак грамотасы”;(2013, 2018 ж.ж.)
Бишкек ш. Биринчи Май райондук администрациясынын “Ардак грамотасы”;(2018 ж.)
КР Билим берүүсүнүн отличниги;
КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын медалы; (2018 ж.)
КР Профсоюз уюмунун отличниги;
КРдин профсоюздарынын БКсынын “Эң мыкты иш берүүчү” сыйлыгы; (2013 ж.);
Ислам өлкөлөрүнүн экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКО) Илим чөйрөсүндөгү өзгөчө кызматы үчүн берилүүчү эл аралык престиждүү сыйлыгы (Баку, 2012 - ж);
Түрк дүйнөсүнүн илимий чөйрөсүндө жетишкендиктери үчүн сыйлыгы (Эскишехр, 2013);
АКШнын Чикаго шаарындагы (Иллинойс штаты) Дүйнөлүк жетишкендиктерди баалоо Борборунун 2020-жылдагы "Жылдын окумуштуусу" сыйлыгы; (2020 ж)
Аскар Салымбековдун Прогрессивдүү демилгелерди колдоо фондунун “Акыл-Тирек” сыйлыгы (2016 ж);
РФнын Өзгөчө эмгеги үчүн педагогдорго берилүүчү В.А.Сухомлинский атындагы медалы;(2018 ж.)
Мустафа Кемаль (Ататюрк) илим жана маданият Фондунун медалы; (2015 ж.)
РФнын Россия элдер Ассамблеясынын медалы (2018 ж.);
АКШнын Колумбия универсететинин жана Азия өнүктүрүү Банкынын сертификат-грамотасы (2019 ж.);
ЮНЕСКОнун ИТИ «Жаштар менен иштоого кошкон чоң салымы үчүн» дипл.; (2022 ж.);
КМШ МПАсынын медалы (2013 ж.);
Бишкек ш. Кеңешинин «Бишкек шаарына ак ниет кызматы үчүн» медалы (2024 ж.);
ТҮРКСОЙдун Түрк дүйнөсүнүн маданиятына сиңирген эмгеги үчүн медалы (2024 ж.);
Бишкектеги Француз Альянсынын медалы (2023 ж.);
КР ИИМинин медалы (2024 ж.);
КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын медалы (2024 ж.);
КР УИА медалы (2024 ж.)
Жарыяланган эмгектери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Абдырахманов, Төлөбек; Абдалиева, Гүлзада. Эркиндик, теңдик, эгемендүүлүк күрөштөрү жана Үркүндөр: Биринчи китеп / Жооптуу ред. Т.К.Чоротегин. – Бишкек: ЖИ “Сарыбаев Т.Т.” басмаканасы, 2016. – 364 б., сүрөт. – ISBN 978-9967-04-759-4. – И.Арабаев атындагы КМУ).
- Абдырахманов, Толобек Абылович. Высшее профессиональное образование Кыргызской Республики как важнейший фактор в решении социальных задач переходного общества [Текст] : автореферат дисс. на соискание уч. степ. док. историч. наук / Толобек Абылович Абдырахманов; Кырг. Нац. Ун-т им. Ж. Баласагына. - Бишкек : [б. и.], 2010. - 45 с.
Интернеттеги шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- https://www.knu.kg/ru/index.php?option=com_content&view=article&id=8895:2016-01-21-14-23-50&catid=48:cat-rukovodstvo&Itemid=76 Archived 2023-04-12 at the Wayback Machine