Ой эркиндиги

Википедия дан
Абийир эркиндиги‎»‎ барагынан багытталды)

Ой эркиндиги (англ. Freedom of Thought) – жарандардын тигил же бул динди тутуусу же тутпоосу; диний көз караш, ишенимдерин коргоо, үгүттөө же динге ишенбөө, атеисттик ой-пикирин ачык айта алуу эркиндиги.

Бир катар эл аралык укук жоболоруна ылайык – (Бүткүл дүйнөлүк адам укугу декларациясы (ст. 18); Жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пакт (ст. 18), БУУнун уставына ылайык (ст. 55, 56) ар бир адам эркин ой жүгүртүүгө, каалаган динин тутууга укуктуу. Эл аралык укукта коомдук тартипке, анын коопсуздугуна, ден соолукка, башка адамдардын эркиндигине каршы келе турган диний иш-аракеттерге тыюу салынган. Мамлекет менен диндин өз ара мамилеси «Динге ишенүү эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» мыйзамы аркылуу жөнгө салынат. Бул мыйзам жарандардын динге карата болгон мамилесин, ишенимин жана ага ылайык, тоскоолдуксуз каалаган динин тутууну, диний ырым-жырымдарды өткөрүүнү, ошондой эле кайсы динге ишенгендигине (же ишенбегендигине) карабастан, алардын укук жана кызыкчылыктарын коргоону, социалдык адилеттүүлүктү; диний уюмдардын иш-аракетине байланышкан карым-катыштарды жөнгө салат жана коргойт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]