Жаран
Jump to navigation
Jump to search
Жаран – укуктук негизде белгилүү бир мамлекетке таандык адам. Ж.кеңири укуктар менен эркиндиктерге жана белгилүү милдеттерге да эгедер. Айкын мамлекеттин Жарандары өзүнүн укуктук абалы боюнча чет элдик Ж.(жаран)жана ал мамлекеттин аймагында жарандыгы жок адамдардан айырмалуу. Алып айтсак, саясий укук жана эркиндиктерге Ж.(жаран) гана ээ боло алат. КР жарандык мыйзамдарында «Ж.» аталгысы менен, эгер мыйзамда башкача аныкталбаса, баардык жеке адамдар (КР жарандары, чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар) түшүнүлөт.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7