Або

Википедия дан

АбоКыргыз кагандыгындагы белгилүү колбашчы (9-кылымдын орто чени). Або тууралуу маалымат кытай булактарында кездешет. Андагы маалыматтар боюнча кыргыз өкүмдары 840-ж. Уйгур кагандыгын талкалап, анын ордосун ээлегенден кийин, уйгур каганынын зайыбы, түпкү теги кытай ханайымы Тайхону туткундаган. Ал кытай мамлекети менен мамиле түзүү максатын көздөп, 841-ж. ханайымды элчи Түлүш Алптын коштоосунда Тан империясына жөнөтөт. Кыргыз элчилигине жолдон уйгур каганы Уцзе кол салып, алар ханайым Тайходон бөлөгүнүн баарын өлтүрүшүп, Гоби аркылуу азыркы Монголиянын чыгыш тарабына качып барышат. Кыргыз өкүмдары алардын артынан аскер башчы Або баштаган 70000 аскер жөнөтөт. Ал Тяньдэ воеводствосунун түштүк-батышы аркылуу жол тартып, шивейлерге кол салып, мында калган уйгурларды туткундап, аларды Гоби чөлүнүн түндүк бөлүгүнө жайгаштырган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1