Абсорбциялык спектроскопия

Википедия дан

Абсорбциялык спектроскопия – ар түрдүү агрегаттык абалдагы заттар атомунун ж-а молекулаларынын электоромагниттик нурду сиңирүү спектрлерин изилдейт. Жарык булагынын интенсивдүүлүгү изилденүүчү чөйрөдөн өткөндө, заттардын ички энергиясынын ар түрдүү формасына өтүүсүнүн натыйжасында азаят. Зат жарык сиңирүү жөндөмдүүлүгү негизинен атомдун ж-а молекуланын электрондук түзүлүшүнө, ошондой эле түшкөн жарыктын толкун узундугуна, уюлдануусуна, чөйрөнүн калыңдыгына, заттар концентрациясына, темппературасына, электрдик ж-а магниттик талааларга көзкаранды. Заттар сиңирүү жөндөмдүүлүгүн ченөө үчүн спектрофотометрди колдонушат. Сиңирүү жөндөмдүүлүгүн мүнөздөөдө экстинкциянын коэффициентин же жарык сиңирүү ж-а оптикалык тыгыздык А=IgJo/J, о. эле өткөрүүнүн чоңдугу T=J/Jo колдонулат. А. с-ы колдонуу Бугер-Ламберт-Бээр бириктирилген законуна негизделген: J=Jo exp(-l), J ж-а Jo өткөн ж-а түшкөн жарыктын интенсивдүүлүгү, l-катмардын калындыгы; с-заттын концентрациясы, -сиңирүүнүн молярдык коэффициенти (эгерде моль/л м-н көрсөтүлсө). Сиңирүүнүн спектри, түрдүү заттын атомдорунун ж-а молекулаларынын жаратылышы ж-а агрегаттык абалы м-н аныкталат. Сиңирүүнүн спектрлери б-ча заттарга сапаттык ж-а сандык анализ жүргүзүлөт (к. фотометрдик анализ, атом-абсорбциялык спектрдик анализ). Абсорбциялык спектроскопия зат түзүлүшүн изилдөөдө да колдонулат. Процессти суюк чөйрөдө изилдөөдө анын эффективдүүлүгү, интенсивдүүлүгү өзгөрүшү ж-а сиңүү тилкесинин түрү б-ча, сиңген жарыктын бөлүкчөлөрүнүн курамынын ж-а түзүлүшүнүн өзгөрүлүшүнө баа берүүгө болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]