Абсун

Википедия дан

Абсунэпос боюнча сыйкырлап кубулта турган дуба. Көбүнчө душмандын аярлары А. окуу менен ар түрлүү нерселерди кубултуп, жол тоскон, чек ара кайтарган коркунучтуу жанжаныбарга айландырып, душманынын сезин алат. Мисалы, кытайдын Бооң аяры Чүйдү бошоткону келе жаткан кыргыз колунун жолунан өзүн, 90 жолдошун ажыдаар, жолборс, илбирс, бөрү кылып кубултуп тостурат (Сагымбай Орозбаков, 2. 108— 111).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4