Абу Наср ал-Фараби
Абу Наср Мухаммед ибни Тархан ибни Узлаг ал-Фараби ат-Түрки | |
Туулган датасы: | |
---|---|
Туулган жери: |
Фараб шаары |
Өлгөн датасы: | |
Өлгөн датасы: |
Дамаск[[Category:Өлгөндөр в Калып:Пишпек]] |
Илимиий чөйрөсү: |
{{{Илимиий чөйрөсү}}} |
Таанылган атагы: |
«Экинчи мугалим» |

Абу Наср Мухаммед ибни Мухаммед ибни Тархан ибни Узлаг ал-Фараби ат-Түрки, колдонулма кыскача аталуусу — ал-Фараби (латындаштырылган формада — Alpharabius; 872-ж.[1],Фараб[2][3]да төрөлгөн — 950-нүн 14-декабры жана 951-нин 12-январынын ортосунда , Дамаск[2]та каза тапкан) — философ, математик, музыканын теоретиги, чыгыштын ойчулу. Ортокылымдардагы Чыгыш философиясынын чоң өкүлдөрүнүн бири. Ал-Фараби — Аристотель менен Платондун дилбаяндарына жазылган чечмелемелердин автору (Аристотелдин баянын чечмелей алгандыгынан улам анын кадырлуу аты «Экинчи мугалим» болгон). Анын эмгектеринин таасири ибн Синада, ибн Баджада, ибн Туфайлда, ибн Рушдда, ошoндой эле ортокылымдагы Батыш Европанын философиясы менен илиминде болгон. Ага Отрар китепканасынын пайда болушу да таандык кылынат.
Өмүр баяны[оңдоо | булагын оңдоо]
Фарабинин өмүрү жөнүндөгү кабарлар жарытарлык эмес. Фараби жөнүндө болгон кабарлардын бир бөлүгү, башка чыгаан тарыхый инсандардыкындай сыяктуу эле, уламыштуу болуп саналат. Ишенимдүү белгилүү болгону Фарабинин өлгөн жылы жана анын Дамаскка келген жылы гана, калган даталар болжолдуулар. Мындай себептин чыгышы, Фараби тууралуу биографиялык кабарларды камтыгын так булактар бир топ кечирээк, XII—XIII кылымдарда жаралгандыгы менен байланыштуу. Фарабинин биографтарынын арасынан Бейхакини, Кифти, Ибн Аби Усейбия, Ибн Хелликанды көрсөтсө болот. Кечирээктеги авторлор көрсөтүлгөн авторлордун эмгектеринде билдирилген биографиялык кабарларга таянышкан. XI кылымдын автору Абу Саид ибни Ахмад тарабынан, өткөндүн улуу ойчулдары тууралуу түзүлгөн билдирме эмгегинде Фарабинин мурдагыраак биографиясы келтирилген деген эскерме бар, бирок бул эмгек биздин убакка чейин жетке эмес, жана бөлөк булактардагы цитаталар жана шилтемелер боюнча гана белгилүү.
Фараби Фараб жергесинде (азыр. Отрар, Түштүк Казакстан), Арысь дарыясы Сырдарыяга куюлган жерде төрөлгөн деп эсептелинет[4]. Фарабинин замандашы болгон Ибн Хаукал, Фараб округунун шаарларынын катарына Абу-Наср ал Фараби чыккан Весидж кирерин көрсөткөн.
Анын «Китаб аль музик алькабир» же «Музыка боюнча чоң китеп» аттуу эмгегинде музыканын теориясы, тарыхы, музыка аспаптарында ойноо жана анын ыкмалары жөнүндө айтылган жана музыканы кагазга түшүрүү, нота жазуу боюнча алгачкы түшүнүктөрдү берген. Аристотелди окумуштуу, философ катары Фараби дүйнөгө тааныткан. Себеби, Аристотелдин философиясын билүү өтө татаал болгондуктан, ал Аристотелдин эмгектерине түшүндүрмөлөрдү жазып, анын философиялык системасын өздөштүрүүнү жеңилдеткен. Айрыкча Аристотелдин «Категориялар», «Герменевтика», «Аналитика», «Топика», «Поэтика» жана башка эмгектери Фарабинин түшүндүрмөсү аркылуу гана дүйнөгө тарап, Аристотель философ катары таанылган. Фараби орто кылымдарда биринчилерден болуп, илимге классификациялоо жүргүзгөн.
Колдонулган адабият[оңдоо | булагын оңдоо]
- Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Бишкек 2003.
Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]
- ↑ Corbin, Henry (2001). History of Islamic Philosophy. Kegan Paul. ISBN 978-0-7103-0416-2. Unknown parameter
|coauthors=
ignored (|author=
suggested) (help) - ↑ 2.0 2.1 Dhanani, Alnoor (2007). "Fārābī: Abū Naṣr Muḥammad ibn Muḥammad ibn Tarkhān al‐Fārābī". In Thomas Hockey; et al. The Biographical Encyclopedia of Astronomers. New York: Springer. pp. 356–7. ISBN 978-0-387-31022-0. (PDF version)
- ↑ Согласно средневековым мусульманским источникам Фараби умер в возрасте 80 лет в 339 году хиджры.
- ↑ О родине Фараби см. например Бартольд В. В. Сочинения. М.: Изд-во АН СССР, 1963, т.1., С.234-236, Хайруллаев М. М. Абу Наср ал-Фараби, М.: Наука, 1982, С.41., Касымжанов А. Х. Абу-Наср аль-Фараби. М.: Мысль, 1982, С.7. В то же время, необходимо иметь в виду, что в Трансоксании того времени имелось несколько селений со схожим названием — одно в Мавераннахре юго-восточнее Самарканда, второе на границе Хорасана и Мавераннахра, близь современного Туркменабада, третье рядом с современным Шибирганом, что существенно затрудняет интерпретацию источников.
![]() |
Бул математик өмүр баян бүтүрүлбөгөн, Макаланын даярдамы макала. Сиз, муну оңдоп жана толуктап Уикипедияга долбоорго жардам бере аласыз. |
![]() |
Бул философ өмүр баян бүтүрүлбөгөн, Макаланын даярдамы макала. Сиз, муну оңдоп жана толуктап Уикипедияга долбоорго жардам бере аласыз. |
![]() |
Бул астроном өмүр баян бүтүрүлбөгөн, Макаланын даярдамы макала. Сиз, муну оңдоп жана толуктап Уикипедияга долбоорго жардам бере аласыз. |
- Pages with citations using unsupported parameters
- CS1 maint: Explicit use of et al.
- Инсандар алфавит боюнча
- Окумуштуулар алфавит боюнча
- Арип боюнча инсандар
- 872-жылы
- 12 -январь (үчтүн айы)
- 950-жылы
- Инсандар алфавит менен
- Уикипедия:Портретсиз окумуштуулар тууралуу макалалар
- Математик өмүр баян бүтүрүлбөгөн макалалар
- Философ өмүр баян бүтүрүлбөгөн макалалар
- Астроном өмүр баян даярдамы макалалар
- 9-кылым
- 10-кылым
- Математиктер
- Астрономдор
- Философтор