Абу Шади

Википедия дан

Абу Шади - Ахмед Заки (1892-1955) араб (Египет) жазуучусу, филолог, котормочу, врач-бактериолог. Лондон университетинде окуган (1912-22). 1936-ж. Каирде «Аполло» аттуу адабий ийрим жана журнал уюштурган. Александрияда «Адаби» (1939) журналын чыгарган. 1946-ж. АКШга келип Нью-Йоркто түрдүү кызматтарда иштеген. Азия институтунда араб адабиятынын профессору болгон. Анын «Таңкы шүүдүрүм» (1910), «Жазгы көрүнүштөр» (1933), «Туткундагы Ибн Зейдун» (1925) жана башка лирикалык ыр жыйнактары, тарыхый повесттери жана араб поэтикасы жөнүндө эмгеги бар. Абу Шади Чыгыштын жана Батыш Европа акындарынын, Хафиз, Омар Хайям, У. Шекспирдин чыгармаларын которгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1