Абыла

Википедия дан

Абыла - кара багыш, сары багыш урууларынын курамдарындагы уруктар (Абрамзон, 105). Этноним байыркы түрк тилинде "abla", "ab abla" - жапайы жаныбарларга жамаат, топ болуп алып аңчылык кылуу маанисин берген (ДТС, 3). Бул сөз хакас тилинде да өзүнүн байыркы маанисин (хак. "абла") сактап калган (Хакасско-русский словарь, 1959, 386). Монголчо "авлах" - "коллективдүү аң уулоо" дегенди аныктайт (Монгол орос толь, 1957, 19). Урук аталыштары кыргыз этнонимиясынын эң байыркы катмарына кирет. Этноним кыргыздардын байыркы чарбалык-экономикалык, социалдык турмушун чагылдырары шексиз. Түрк тилдериндеги "абыла" сөзү орус тилине "облава" (кырг. тегеректөө, айлана курчоо) формасында кирген деп болжолдоого да болот. Коллективдүү аң уулоо көчмөн элдерде, анын ичинде байыркы кыргыздарда чыныгы аскердик такшалуу мектеби болгондугу анык.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз этнонимдер сөздүгү. Олжобай Каратаев. -Б.2003.