Саул Абрамзон

Википедия дан
Абрамзон‎»‎ барагынан багытталды)
Абрамзон Саул Менделевич
Жалпы маалымат
Туулган жылы: 03.07.1905
Туулган жери: Орусиянын Орёл губерниясы, Дмитровск шаары
Каза болгон: 01.09.1977-жылы
Өлкө: CCCР желеги СССР
Илимий чөйрөсү: этнография,фольклористика, тюркология
Иштеген жери: Миклухо-Маклай атындагы СССР ИА
Илимий жетекчилери: Самойлович, Александр Николаевич, Малов, Сергей Ефимович
Белгилүү болгон: этнограф, Борбордук Азия кыргыздарынын этногенезин изилдөөчүсү
Сыйлыктары: СССРдин “Ардак белгиси” ордени

Саул Матвеевич (Менделевич) Абрамзон (1905-жылы 3-июлда туулган – 1977-ж. 1-сентябрда өлгөн) – советтик орус тарыхчысы, тарых илимдеринин доктору (1968).


С.М.Абрамзондун кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

С.М.Абрамзон 1905-жылы 3-июлда Орусиянын Орёл губерниясындагы Дмитровск шаарында саат устанын үй-бүлөсүндө туулган. Атасы - Мендель Абрамзон, энеси - Раиса Григорьевна Файн.

1916-жылы Карачаров шаарындагы эркектер гимназиясына окууга тапшырат. Бирок атасынын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу туулуп-өскөн Дмитровск шаарына кайтып келип, жогорку тепкичтеги башталгыч мектептен окуйт (бул мектеп кийинчерээк экинчи баскычтагы совет мектеби деп аталып калган).

1926-жылы ал Ленинград мамлекеттик университетин бүтүргөн. Анын окутуучуларынын арасында А.Н.Самойлович жана С.Е.Малов сыяктуу көрүнүктүү чыгыш таануучулар болгон.

1926-ж. Кыргыз автономия облусунун музейинин башчысы.

1927-ж. Кыргызстанда Чөлкөм таануу музейин, 1928-ж. Кыргыз АССР Эл Комиссарлар Советине караштуу Чөлкөм таануу б-ча алгачкы илим изилдөө мекемесин уюштурууга катышкан.

1931-жылдан кайра Ленинградда (азыркы Санкт-Петербургда) жашаган.

СССР Илимдер академиясынын Н.Н.Миклухо-Маклай атындагы Этнография институтунун директору жана илимий кызматкери болгон.

СССРдеги ж-а Кытайдагы кыргыз урууларын, алардын каада-салттарын кеңири изилдеген. Бир катар этнографиялык экспедицияларга катышкан.

“Кыргыз элинин маданиятынын очерктери” (1946), “Кыргыздар жана алардын этногенетикалык, тарыхый-маданий байланышы” (1971) деген илимий эмгектердин, ошондой эле бир катар илимий макалалардын автору.

СССРдин “Ардак белгиси” ордени менен (1956) сыйланган. 1970-жылдары аны Кыргызстан Коммунисттик партиясынын жетекчилиги акыйкатсыз түрдө сынга алган.

1977-жылы 1-сентябрда Орусиянын Ленинград шаарында каза болгон.

С.М.Абрамзондун кыргыз таанууга кошкон салымы тууралуу Ө.К.Караевдин пикири[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Саул Матвеевичти кыргыз этнографиясын изилдөөнүн негиз салуучусу десек болот. Ал кыргыз элинин этнографиясын жана маданиятын иликтеп, көптөгөн эмгектерди жараткан. Анын олуттуу эмгектери кыргыз этнографиясынын өзөгүн түзөт. 1926—1950-жылдардын ичинде Кыргызстандын аймагына жүргүзүлгөн этнографиялык экспедициялар С. Абрамзондун ысмы менен байланыштуу. Ал көп жолу Кыргыз Мамлекеттик педагогикалык институтунун (азыркы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин) тарых жана география факультеттеринин студенттерине этнография боюнча лекцияларды окуган. Анын экспедицияларында келечектеги жаш окумуштуулар этнографиялык жана тарыхый материалдарды жыйноо ыкмаларын үйрөнүшкөн. С. Абрамзон этнография боюнча кыргыз кадрларын даярдоого көп салым кошкон. Анын окуучуларынын ичинен Т. Баялиева, А. Алымбаева, К. Мамбеталиеваны ж. б. атоого болот.

С. Абрамзон тарых илимдеринин кандидаттары К. Антипина, А. Бурковский жана М. Айтбаевдерге дайыма кеңеш берип, алардын эмгектерин редакцияланган. Анын бул иштери Кыргыз Илимдер академиясынын Тарых институтунун структурасында 1966-жылы жаңы этнография секторун ачууга мүмкүнчүлүк берген. С. Абрамзон ал сектордун илимий ишине дайыма көзөмөл жүргүзүп, анын кызматкерлерине кеңешчи болгон.

Ал көптөгөн монографияларды, макалаларды, рецензияларды жазып калтырган. Анын Кыргыз Илимдер академиясынын алдындагы кол жазмалар бөлүмүндө жана тарых институтунда жарыялана элек эмгектери, рецензиялары, экспедицияларда чогулткан материалдары сакталып турат. Аларды жаш тарыхчылар, этнографтар пайдаланып жарыялап жатышат.

С.Абрамзондун изилдөө ишинде кыргыздардын Орто Азия, Түштүк Сибир жана Борбордук Азия элдери менен этногенездик, тарыхый-маданий байланыштары кеңири иликтенген. Алардын ичинде кыргыз элинин чарбасынын түрлөрү, үрп-адаттары, диний көз караштары сыяктуу мурун аз же али изилдене элек көп маселелер бар. Бул жөнүндө академик Б. Жунусалиев «эгерде С. Абрамзондун эмгектери болбосо кыйла этнографиялык материалдар илимге белгисиз болуп калмак» деп туура жазган.

Саул Матвеевичтин изилдөө ишинде басымдуу орунду кыргыз элинин этникалык тарыхы ээлейт. Бул проблема маалыматтардын аздыгына байланыштуу жана «кыргыз» этноними тарыхый булактарда Минуса ойдуңунда жана Тянь-Шань аймагында кездешкендиктен окумуштуулардын ичинде бир нече ой-пикирлерди пайда кылды.

Ушуга байланыштуу 1953—1955-жылдары Кыргызстандын аймагына атайын археологиялык-этнографиялык экспедициялар уюштурулган. С. Абрамзон анын курамындагы этнографиялык отрядды жетектеп, кыргыз элинин калыптанышы жана анын этникалык структурасы жөнүндө баалуу материалдарды чогулткан. Бул татаал жана талаш маселе боюнча анын пикири «Кыргыздар жана алардын этногенетикалык жана тарыхый-маданий байланыштары» аттуу олуттуу эмгегинде жыйынтыкталган. Саул Матвеевичтин концепциясы боюнча кыргыз эли үч топ уруудан түзүлгөн: биринчиси — эзелтен бери жашаган жергиликтүү түрк уруулары болгон, алардын бир бөлүгүнүн түпкү теги түрк каганаттарынын, карлүк, уйгур, кыргыз жана караханидер мамлекеттеринин доорунда жашаган уруулар менен байланыштуу болушу ыктымал. Экинчи топко теги Түштүк Сибирь жана Борбордук Азия менен байланышкан, Борбордук жана Батыш Тянь-Шанга, Памир-Алайга түндүк-чыгыш жана чыгыш тараптан көчүп келген түрк уруулары кирген. Үчүнчү топту монгол жана теги казак- ногой болгон уруулар түзгөн. Ошентип, С. Абрамзондун пикири боюнча кыргыз эли үч уруу тобунан жаралган, алардын ичинен Алтай тоолорунан Чыгыш Түркстан — Памирге чейинки аралыкта жашаган жергиликтүү түрк уруулары басымдуулук кылган.

Бул жерде айта кете турган бир нерсе, ошол кездеги Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин биринчи секретары Т. У. Усубалиев республикалык партактивде (1973-ж.) Саул Матвеевичтин аталган олуттуу эмгегин катуу сынга алган. Анын алдында (ак үйдүн шилтемеси менен) кошоматчы тарыхчылар К. К. Орозалиев, С. И. Ильясов жана А. Г. Зималар С. Абрамзондун эмгегин кыргыз элинин түзүлүшү «партиялык» көз караш менен жазылган эмес деп айыптап, бир топ «кемчиликтерди» табышкан. Алардын пикири боюнча С. Абрамзондун эмгегиндеги, маселен, урук-урууларды иликтөө жаштарды биримдүүлүккө тарбиялабастан, алардын арасында «жиктелүүнү» күчөтөт имиш. Чындыгында этнография илиминин эң негизги максатынын бири элдердин этникалык структурасын иликтөө болуп эсептелет. Анын жыйынтыгы дегеле урук-уруулардын карама-каршылыгына алып келбейт.

Албетте, С. М. Абрамзондун бул эмгеги эч кынтыксыз дештен алыспыз. Китепке автордун 1970-жылга чейин ар кайсы мезгилдерде жарыяланган эмгектери киргизилгенин жана алар ошол кездеги партиялык идеологиянын таасири астында саясатташтырылып жазылганын эске алышыбыз керек. Алсак, Арстанбек, Калыгул, Молдо Кылычтын эмгектери «реакциячыл» деп мүнөздөлгөн ж. б. Эгер автор тирүү болгондо бул өңдүү айрым маселелерди кайра оңдомок.

С. М. Абрамзондун Кыргызстандын тарых илимине кошкон салымы зор. Бирок ал көрүнүктүү илимпоздун көзү барында анын сиңирген эмгеги, тилекке каршы, калыс бааланбай, жогоруда айтылгандай, кайра сынга алынган.

Так ошол учурда улуу жазуучубуз Ч.Айтматов ал кишиге 1973-жылы 10-мартта атайын кат жолдоп, анда: «...Кош болуңуз, Саул Матвеевич, Кыргыз интеллигенциясы өз кишиси жана чаалыкпас, таланттуу илимпоз катары Сизди абдан барктаарын жана жогору баалаарын эч унутпаңыз!» — деп жалпы коомчулуктун пикирин билдирген. Бул катты окуганда Саул Матвеевич төбөсү көккө жеткендей кубаныптыр. Сөз жок, Ч. Айтматовдун бул пикирине окурмандар да кошулаары шексиз...." (Өмүркул Караев).

Эмгектеринин чакан тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Абрамзон, Саул Менделевич. Киргизы и их этногенические и историко-культурные связи [Текст] / С. М. Абрамзон. - Л. : Наука, Ленингр. отд - ние, 1971. - 403 с. - ISBN 5655005182 : 1.94 р. (В вып. дан. авт. : Саул Матвеевич Абрамзон).
  • Абрамзон С.М. Киргизы и их этногенетические и историко-культурные связи. - Переиздание с предисл. - Фрунзе: Кыргызстан,1990. - 478 с.
  • Очерк культуры киргизского народа, Фрунзе, 1946;
  • Формы родоплеменной организации у кочевников Средней Азии // Родовое общество (этнографические материалы и исследования) / ТИЭ. Т. XIV. 1951;
  • К вопросу о патриархальной семье у кочевников Средней Азии // КСИЭ. Вып. XXVIII. 1958;
  • Этнический состав киргизского населения Северной Киргизии // Труды Киргизской археолого-этнографической экспедиции. Т. IV. Л., 1960;
  • Формы семьи у дотюркских и тюркских племен Южной Сибири, Семиречья и Тянь-Шаня в древности и средневековье // ТСб 1972 г. М., 1973. С. 300-304;
  • (соавт. Потапов Л.П.) Народная этногония как один из источников для изучения этнической и социальной истории (на материале тюркоязычных кочевников) // СЭ. 1975. № 6;
  • О некоторых терминах родства в тюркских языках // Turcologica (к 70-летию академика А.Н. Кононова). Л., 1976.
  • Народные предания как источник для изучения этнической истории киргизов Центрального Тянь-Шаня // Этническая история народов Азии - М: Наука, 1972. http://www.lukfo.ru/sanjyra33.html(жеткиликсиз шилтеме)
  • Абрамзон, С. М. Патриархально-общинный уклад и пути его изживания у народов среднеазиатских республик и Казахской ССР : VII Междунар. Конгресс антрополог. и этнограф. наук (Москва, август 1964 г.) / С. М. Абрамзон. - М. : Наука, 1964. - 10 с. - 0.05 р.


Ал тууралуу адабият тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк: Мектеп окуучулары үчүн. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы Редакциясы, 1990. 113 б. ISBN 5-89750-028-2
  2. Кыргыз Совет Энциклопедиясы: 6 томдук/ Башкы редактор Орузбаева Б. Ө./ - Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977-1980. Т.1-6.
  3. Асанов У.А., Жуманазарова А.З., Чоротегин Т.К. Кыргызская наука в лицах: Краткий исторический и био-библиографический свод / Отв. ред. У.Асанов. – Бишкек: Центр госюязыка и энциклопедии, 2002. – 544 с., илл. - ISBN 5-89750-142-4.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]