Авангардизм

Wikipedia дан

Авангардизм (фр. avantgard алдыңкы чек, алдыңкы отряд) көркөмдүк салттардан кол үзүү жана чыгармачылыктын принципиалдуу жаңы формаларын иштеп чыгуу максатында эксперимент жүргүзүүнүн зарылдыгын жарыялаган 20-кылымдын адабияты менен искусствосундагы багыттардын жыйындысы. Жалпысынан алганда авангардизм өткөн кылымдын туундусу катары эксперименталдык, модернисттик адаттан сырткаркы башталыштарды баса белгилеген изденүүлөрдү бириктирет. «Авангардизм» термини көркөм адабий сында адеп колдонулуп, искусство жөнүндө илимге 1950-ж. кирген. Ар кайсы тарыхый этаптарда биринчи жол баштоочулардан болуп, бири-бирине алмашып төмөнкүдөй авангарддык багыттар чыгып турган: кубизм, футуризм, экспрессионизм, абстракционизм; 1920-30-ж. мындай роль сюрреализмге өткөн; 2-дүйнөлүк согуштан кийин 1940-50-ж. аягында биринчи орунга абстракттуу көркөм искусствонун жаңы агымдары чыгышкан. 1960-70-ж. акционизмдин ар кандай формалары, предмет менен иштөө (поп-арт), концептуалдык көркөм искусство пайда болот. Көркөм процесстердин кескин тез өнүгүшү менен белгиленген көп факторлордун, анын ичинен батыш өлкөлөрүнө таандык адаттан тыш көркөм турмушту уюштуруудагы жаңы ыкма көркөм рыноктун таасири астында калыптанды. Авангардизмдин чектери ар кандайча аныкталат: анын аякташы неоавангардизм пайда болгон же постмодернизмдин калыптанган мезгилине дал келет. Бирок ошондой болсо да авангардизм принциптерин ар кандай өзгөртүүлөргө болгон кызыкчылык жоголгон эмес. Авангардизмдин программаларынын көп түрдүүлүгүнө карабастан, андагы жалпы белгилерди бөлүп көрсөтсө болот. Коомго жана «консервативдүү» салттык маданиятка карата авангардизм сүрөтчүлөрү туруктуу нааразылык билдирүү, «перманенттик козголоң» позициясын ээлешти. Адин принциптүү антитрадиционализми (традиционализмге каршылыгы), анын сулуулуктун жана көркөм сүрөттөөнүн классикалык нормаларынан баш тартышы болуп көрбөгөндөй формалдуу жаңычылдыкка багыт алуусуна же өздүк көркөм искусствонун эң төмөнкү формаларына, примитивдүүлүгүнө байланышкан. Көркөм ачылыш, дайыма жаңыланып туруу жөндөмдүүлүгү милдеттүү эрежелерден болуп калды. Муну менен авангардизмдин программалуулугу манифесттерди түзүү жана жарыкка чыгаруу, ар дайым келечекке умтулуу, чыгармачылыктын бардык түрүндөгү «долбоорлуулук», көркөм искусство каражаттары менен ишке ашырылуучу алдын ала айтуу жана турмуш өзөгүн куруу жөндөмү менен шартталган. Сүрөтчү-авангардист өзүнүн субъективдүү дүйнө моделин жаратат жана бул нерсе ошол турмуштун чегинде «экинчи реалдуулук» курулушуна өсүп чыгат. Авангарддык көркөм искусстводо сүрөттөө экспрессивдүү деформацияларга, аналитикалык майдаланууга, ар кыл оюндук өзгөрүүлөргө туш болот. Кээ бир учурда абстракттуу көркөм искусстводо көркөмдөлүп сүрөттөлүштү толук сүрүп чыгууга чейин барат. Көркөм искусство менен реалдуу турмуштун ортосундагы чектердин жоюлушу же буга чейин көркөм искусство менен сыйышпайт деп эсептелген тармакка кийлигишүү авангардизм үчүн мүнөздүү формалар, коллаж, редимейд, инсталляция, энвайронментте ачык көрүнөт, аларда адамды курчап турган айлана-чөйрөгө тикелей кошулган көркөм искусствонун «ачык» чыгармалар программасы ишке ашырылат. 1960-жылдан баштап авангардизм сүрөтчүлөрү көрүүчүнүн кабыл алуусунда болуп жаткан ой трансформацияларын же чыныгы кыймылды пайдалана башташты (кинетикалык көркөм искусство, акционизм), көркөм искусствонун чөйрөгө кирип келиши, аны өз мыйзамына ылайык өзгөртүүсү авангардизм сүрөтчүлөрүнүн чыгармачылыктын аралаш (синтетикалык) формаларында (монументалдык живопись, монументалдык скульпторлук, дизайн, бакча-парктык көркөм искусство, интерьерди жасалгалоо, сценография, витраж, керамика, килем жана башка) да алардын активдүүлүгүн жөнгө салды. Авангардизм ыкмалары, анын багыттары көз караштын көркөм чыгармачылыкка болгон максаттарынан (мисалы, практикалык, таанып билүүчү, аң-сезимдүү жасалгалык жана башка) бошотулган аракеттен, ал эми көркөм объектиге көнүп калган функция, байланыш, ассоциациялардан бөлөк турган предметтей кароосу менен түшүндүрүлөт. Ошондуктан предметтин ал үчүн таптакыр башка чөйрөгө өтүшү көркөм акция болуп калган. Эң башынан эле өзүн өзү сүрөттөөгө, «искусстводогу искусство» жаратууга багыт алган. Формалдуу кабыл алуу, визуалдык формалар менен ар кандай баскычтагы белгилердин өзара мамилелеринин анализин ачып көрсөтүү авангардизмдин өз алдынча милдеттеринен болуп калды. Авангардизм 20-кылымдагы аң-сезимдин өз алдынча активдүүлүгүн, адам менен дүйнөнүн (психоанализ, логикалык позитивизм, лингвистикалык философия, гештальтпсихология, структурализм) өз ара мамиле тилинин, априордук ой жүгүртүүчү схемалардын, психикалык структуралардын чечүүчү ролун бекемдеген философиялык жана илимий теориялардын параллелин өз ичине камтыйт. Сүрөткерлер өздөрүнүн манифести менен теориялык ой жүгүртүүлөрүндө мына ушуларга таянышкан.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1