Авариялык кабарлоо

Википедия дан

Авариялык кабарлоо - тоо кен ишканаларында, шахталарда жана башка жайларда иш убактысында кокустукка каршы алдынала чара көрүү, аны болтурбоо, башкача айтканда иш үстүндөгү жумушчуларды тез аранын ичинде коопсуз жерге алып чыгуу аракети. Авариялык кабарлоодо атайын байланыш аппараттары ИГАС-3, ГИС-1 колдонулат. Авариялык кабарлоо жарык энергиясы, байланыш түйүндөрү жана үн сигналдары аркылуу ишке ашырылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1