Авенариус, Рихард

Википедия дан
Рихард Авенариус.

Рихард Авенариус (нем. Richard Heinrich Ludwig Avenarius, 19-ноябрь 1843, Париж — 18-август 1896, Цюрих) - немис-швейцариялык философ, эмпириокритицизмдин негиз салуучусу. Негизги чыгармалары: «Таза тажрыйбаны сынга алуу» (1888—1890), «Дүйнө жөнүндө адамзат түшүнүгү» (1909), «Философия күчтүн эң аз ченемдүүлүк принцибине ылайык келүүчү дүйнө жөнүндөгү ойлом» (1913).

«Эмпириокритицизм» термини «тажрыйбаны сынга алуу» дегенди билдирет. Бул эмпириокритицизмдин башкы мазмуну болуп саналат, ал өзүнүн милдетин тажрыйбаны тазалоодон жана ар кандай кошумчалардан эркин болгон «таза тажрыйбанын» мазмунун ачуудан көрөт. Тажрыйбаны тазалоо боюнча мындай операцияны философия ишке ашырат, ал эми конкреттүү илимдер болсо билимдерди дайыма топтой отуруп, муну менен тажрыйбага тиешеси жок элементтерди кошуп жиберишет. Авенариустун пикири боюнча, тажрыйба адатта кээ бир жат элестөөлөр-апперцепциялар: баалуулук (темематологиялык) жана антропоморфдук элестөөлөр менен аралашып турат. Биринчи элестөөлөр биздин тигил же бул предметке жакшы, кооз жана д.у.с. деп берген мүнөздөмөлөрүбүз менен байланыштуу, бул биздин нерсеге берген баабыз гана, бул баа нерсенин касиетин чагылдыра албайт. Экинчиге, антропоморфдук апперцепцияларга мифологиялык элестөөлөр (биздин денебизде жашаган белгисиз «Мен» жөнүндөгү элестөөлөр), антропатикалык элестөөлөр (адамдын дене кыймылына «жандын кумарлануусунун» таасири), интеллектуалдык-формалдуу элестөөлөр таандык.

Авенариус тажрыйба нейтрал элементтерден турат деп эсептейт, буларды ал туюм катарында түшүнөт. Тажрыйбаны тазартуу жолунда Авенариус интроекция түрүндөгү тоскоолдукту көрөт, интроекция дегенибизде адам айлана-чөйрөдөгү нерселерди, б.а. тажрыйбаны жана таанымды өзүнөн башка адамдарга таандык кылган процесс жана ушул сезим менен ойлом башка бирөөлөрдүкү деп билген процесс түшүнүлөт. «Бул интроекция дегенибиз жалпы эле менин көз алдымда турган нерсени менин ички дүйнөмдөгү нерсеге айландырган, (реалдуу) чөйрөнүн курамдык бөлүгүн (идеалдуу) ойломдун курамдык бөлүгүнө айландырган, механикалык энергиясы бар дарактан-түштөр өрүлүп желелене турган материалдан кубулушту пайда кыла турган нерсе» ( Психология предмети жөнүндө. 22-6.). Мына ошентип, ойдон чыгарылган ички дүйнө эмпирикалыкка, тажрыйба дүйнөсүнө карама-каршы коюлат. Биз элестеги ар түрдүү кабыл алуулардын ордун башка бирөөлөрдүн ички дүйнөсүнө, муну менен өзүбүздүн да ички дүйнөбүзгө жайгаштырганыбызда проекция болуп өтөт.Авенариус боюнча, дүйнө экилтиктүү болуп чыгат, мындан улам бизге түздөн түз тажрыйба аркылуу берилген нерселердин дүйнөсүнөн башка да бөлөк адамдын ички жан дүйнөсүндө жашаган элестеги дүйнө да бар деген иллюзия пайда болот. Авенариус бул жобого каршы чыгат, ал идеализмге каршы күрөшүп жатамын деп эсептейт. Ал «дүйнөнү экилтикке» айландырууга болбойт деп ойлогон. Ал мындай деп жазган: «Мээ бул үй да эмес, туруучу жай да эмес, курал да эмес, ойломдун ээси же субстраты да эмес. Ойлом туруучу жай да, бийлөөчү да, башка бир жарымы да же тарабы да эмес жана д.у.с., ошондой эле продукт да эмес, физиологиялык функция да эмес, а түгүл жалпы эле мээнин абалы да эмес» [Дүйнө жөнүндө адамзат түшүнүгү. 52-6.].
Интроекция теориясын четке кагуу менен Авенариус «принципиалдуу координацияны» сунуш кылат, мунун маңызы таанып билүүчү субьект менен чөйрөнүн ортосундагы ажырагыс байланыштын бар экендигин, б.а. «субьектисиз обьектинин жок» экенин таанууда турат.

Тажрыйбаны тазартуу процессин ишке ашыруу менен Авенариус «күчтүн эң аз ченемдүүлүк» принцибин сунуш кылат. Ал мындай деп жазат: «Жаңы таасирлер кошулган учурда жан өзүнүн элестөөлөрүнө мүмкүн азыраак өзгөртүү киргизет, же башка сөз менен айтканда жаңы апперцепциядан кийин биздин элестөөлөрүбүздүн мазмуну алардын апперцепцияга чейинки мазмуну менен көбүрөөк окшош болушу мүмкүн. Жаңы апперцепцияларга жан канча зарыл болсо ошончо гана күч жумшайт, ал эми апперцепция көп болгон учурда жан ошол эле ишти аз күч жумшап аткара ала турганга артыкчылык берет» (Философия күчтүн эң аз ченемдүүлүк принцибине ылайык келген дүйнө жөнүндөгү ойлом». З-б.)