Авзакия

Википедия дан

Авзакия, Авзакия тоолору (лат. Auzacu montes) тарыхый топоним. Борбордук Азиядагы байыркы тоо кыркасы; Авзакия шаары да болгон. Алардын орду так аныктала элек. К. Птолемейдин (биздин замандын 2-к.) «Географиясы» боюнча, А. 5055° түндүк кеңдиктерде түштүк-батыштан түндүк-чыгышка 1000 кмден ашык аралыкка созулуп жаткан. Авзакия Гумбольдт (1843), В. В. Григорьев (1873), Ф. Рихтгофен (1877) жана башкалар Теңир-Тоо тоо системасы Авзакияга туура келет дешкен. А. Хермандын (1911) оюнча Авзакия кеңдик багытта эмес, меридиан боюнча Чыгыш Алай менен Чыгыш Памирдин ордун басып жаткан тоо. Авзакия калаасын айрым изилдөөчүлөр Авзакия тоолорунун батыш жагына жайгаштырса, кээси Синь-Цзяндагы Ак-Суу жана башка шаарлардын аймагынан издешет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1