Авиация жана космос медицинасы

Википедия дан

Авиация жана космос медицинасы - Авиация медицинасы — медицинанын бөлүмү; анын милдетине учкучтарды (пилот, штурман, бортрадист, бортинженер жана башка) медициналык тандоо жана учуу мезгилинде экипаж мүчөлөрү менен жүргүнчүлөр үчүн талапка ылайык физиологиялык жана гигиеналык шарттарды камсыздоо, ошондой эле бийиктиктин, ылдамдыктын, түнкү учуунун организмге тийгизген таасирин изилдөө кирет.

Авиация медицинасы 19-кылымда абада учуу башталганда пайда болгон. Абада учуучулар (аба шарларында) организмге жагымсыз ар кандай факторлорго — барометрдик басымдын төмөндөшү, атмосферадагы кычкылтектин азайышы жана башкаларга дуушарланган. Бул факторлорду изилдеп, алардын организмге тийгизген жагымсыз натыйжаларын жоюу милдети турган. Азыркы авиация медицинасы төмөнкү бөлүмдөрдөн турат: авиация физиологиясы, авиация гигиенасы, авиация психологиясы жана учкучтардын врачтык экспертизасы. Авиация медицинасы азыркы физиология, гигиена, психология жана клиникалык медицинанын эң алдыңкы методдору менен куралданган. Андан тышкары атайын аппараттар (барокамералар, катапульттар жана центрифугалар, учууда кезиге турган шартты түзүүгө боло турган самолёт-лабораториялар жана башка) түзүлдү. Акыркы жылдары авиация медицинасынан космос медицинасы бөлүнүп чыкты. Ал космоско учуу жана космос мейкиндигине чыгууда коопсуздукту жана жашоо үчүн бардык шарттарды түзүүгө багытталган.

Космостогу факторлордун (иондоштуруучу нурлар, ылдамдык, салмаксыздык жана башка) жагымсыз таасиринен космонавттарды сактоо максатында түрдүү изилдөөлөр жүргүзүлөт. Космонавттар космоско учардан бир нече ай мурда ден соолугун чыңдап, космосто кездешүүчү кыйынчылыктарга көнүгүү, машыгуудан өтөт. Космосто учуунун өзгөчөлүгү салмаксыздык жана гиподинамия (алсыздануу) болуп эсептелет. Учуудагы салмаксыздыкка көнүгүү, гиподинамиялык факторлордун таасирин төмөндөтүү үчүн космос кемелеринин бортунда атайын түзүлүштөр, кыймылдуу жол, велоэргограф жана башка орнотулган. Космос медицинасы космонавттардын азыгына өзгөчө көңүл буруп, туалеттик керектөөлөрүн камсыз кылуу маселелерин чечет. Космос кемесинин бортунда жер атмосферасына окшош жасалма атмосфераны, ачык космоско чыгуу үчүн атайын скафандрларды түзүү космос медицинасынын негизги милдеттери болуп эсептелет. Космос медицинасынын космостук программаны (медициналык бөлүгүн) түзүүгө, космонавттарды тандоо жана даярдоого катышуусу чоң мааниге ээ болууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8