Авитаминоз
Авитаминоз (а... жана витаминдер), витамин жетишсиздиги организмге (адам жана жаныбарлардын) керектүү витаминдердин жетишсиздигинен пайда болгон оорулар же ылаңдар. Адамдын авитаминозуна тамак-ашта витаминдин жетишсиздиги, анын начар сиңиши, ичеги-карын микроорганизмдеринин витаминдерди аз синтездеши бул ооруга түрткү болот. Ага бир жактуу тамактануу (рафинделген, кургатылган жана консерваланган азыктар менен), тамак-ашта углевод көп болуп, белоктуу жана майлуу эт азыктары, жашылча-жемиштер жок болсо, ошондой эле азык-түлүк туура эмес сакталганда жана алар туура эмес бышырылганда витаминдин жоголушу авитаминоздун негизги себептери. Бир нече витаминдин жетишсиздиги — полиавитаминоз көбүрөөк учурайт, ал эми витаминдин биринин жетишсиздиги гиповитаминозго алып келет. С витамини жетишпегенде адам адегенде шалдырап, алы кетет, бат чарчайт, уйку басып талыкшыйт, баш айланат (жазга жуук). Андан кийин эрин, кулак, мурун, тырмак көгөрүп, бүйлө канайт, тиш бошоп, түшө баштайт. Ашынып кетсе цинга (каражама) оорусуна алып келет. РР витамини жетишпегенде пеллагра оорусу пайда болот. Уйку качып, көңүл чөгөт, эрини кургап, купкуу тартып, тил кызарып, кеберсип, шишимик тартат; ич өтөт, булчуңдар ооруйт, жаз-күз териде малакызгылт так пайда болуп, калыңдап, киргилт күрөң түскө өтөт, сыйрылат. Пиридоксин (В6 витамини) жетишпегенде тамакка табит тартпайт, жүрөк айланат, ичеги-карындын иштеши бузулат. А витамини жетишпегенде караңгыда, күүгүмдө көрүү начарлайт, жарыкты карай албай, тери бозоруп, кургап түлөйт, безетки, ириңдүү жара көп чыгат, чач кургап, өңү өчөт, көз чели сезгенет. В2 витамини жетишпегенде тамакка табит начарлап, тери какачтанып түлөйт, ооздун кычыгы жараланат, көз кычышып, жаш агат. В витамини жетишпегенде тамак ичкиси келбей, кускусу келет, ич катат, арыктайт, булчуң алсызданат, кол-буттун сезгичтиги азаят, кыймылдаганда жүрөк тез-тез кагат, акырында бери-бери оорусуна алып келет. Д витамини жетишпегенде балдар алсыз, терчил, чыр болот, тиши кеч чыгат (к. Итий). Чоң кишилер шалдырап, тез чарчайт, тиши карарып бузулат, жамбаш сөөктөрү жана булчуңдары ооруйт. Авитаминоз малда ылаң организмде витаминдердин мүчүлүштүгүнөн чыкса гиповитаминоз, бир гана түрдүү витамин жетишпесе моноавитаминоз, бир нече түрү кемчил болсо, полиавитаминоз деп аталат. А-авитаминоз (май ичме) жем, чөптө каротин затынын кемчилинен же жоктугунан пайда болот. Ылаңдаган малдын көзүнөн ириң куюлуп, чарасы бөксөрүп, кечке жуук көрбөй калат. Ылаңга чалдыккан музоо, кулун, козу, улак жана башкалар бою өспөй, бүрүшүп, баса албай, ичи өтүп, арыктайт. В-авитаминоз «В» тобундагы витаминдердин организмде жетишсиздигинен чыккан ылаң. Аны менен чочко, ит жана куштар ылаңдайт. РР-авитаминоз торопойдун, күчүктүн жана жөжөнүн ылаңы. Мында тери, ичеги-карын жана нерв системаларына доо кетет. С-авитаминоз (скорбут, цинга) менен көбүнчө чочко, ит, илбээсин, андасанда жылкы ылаңдайт. Д-авитаминоз (итий) организмде Д витамининин жетишсиздигинен чыккан өнөкөт ылаң. Е-авитаминоз рациондо Е витамининин кем же жоктугунан чыгуучу ылаң. Бул ылаңдын кесепетинен ургаачы мал кысыр калып, эркек мал тукум бербей калат. Авитаминоздон сактоонун негизги эрежеси малды рацион боюнча аш болумдуу заттары мол, витаминдери жетиштүү ар кыл тоют менен багып, жайытты зоотехникалык эрежелер боюнча пайдалануу жана короо-сарайларды зоогигиеналык талаптарга ылайык кармоо.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1